Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:26

COVID-19: Алты бейтап каза болду, 200 кишиден вирус жаңы аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирустан алты бейтап каза болду. Алардын төртөө Бишкекте, бирөө Чүйдө, дагы бири Ысык-Көл облусунда катталды. Муну менен илдеттен каза тапкандардын саны 1687 кишиге жетти.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 12-майдагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада 200 кишиден вирус жаңы аныкталды. Мурда ооруп жаткандардын ичинен 235 киши сакайып чыкты.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда 99 845 киши вирус жугузуп алды. Анын 92 953ү сакайып чыкты.

Учурда 1758 киши стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 86 бейтаптын абалы өтө оор экени кабарланды.

Соңку күндөрү COVID-19 илдетинен көз жумгандар көбөйүп, май айынан башынан бери эле 83 бейтап жашоо менен кош айтышкан.

Кыргызстанда Кытайдын "SinoPharm" жана Орусиянын "Спутник V" вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Расмий маалыматка ылайык, ушул күндөрү 50 миңден ашуун киши вакцина алды.

Кыргызстанга келген Кытай препараты 75 миң адамга, орус препараты 10 миң адамга жетет. Кошумча вакцина алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Өкмөт эл аралык COVAX программасынын алкагында британ-швециялык "AstraZeneca" вакцинасы да келерин билдирген.

12-майда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы коронавируска каршы күрөш үчүн 20 миллион доллар бере турганын билдирген. Министрдин айтымында, бөлүнгөн каражатка Кыргызстан кытай вакцинасын сатып алат. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG