Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

Садыр Жапаров Түркиянын президенти Эрдоган менен сүйлөшкөнү кабарланды


Бул тууралуу Түркиянын мамлекеттик "Анадолу" кабар агенттиги маалымат таратты. Анда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү жана Орозо айт майрамы менен куттуктаганы жазылат.

Ошондой эле президенттер эки тараптуу байланыш жана аймактарды өнүктүрүү тууралуу сүйлөшүшкөн.

"Президент Эрдоган палестиналыктарга кол салган Израилге керектүү чара колдонуу боюнча эл аралык демилгелерде Кыргызстанды жанында көрүүнү каалаганын айтты" деп айтылат кабарда. Эл аралык коомчулук Газадагы абал көзөмөлдөн чыгып кетеби деп тынчсызданып турат.

Кремль 12-майда Орусиянын президенти Владимир Путин жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган эки тарап менен телефондон байланышып, «ортодогу чыңалууну тынчтык жолу менен жөнгө салууга» чакырганын кабарлаган.

Газа тилкесинде израилдиктер менен палестиналыктардын тиреши курчуп жатат. 13-майда палестиналык ХАМАС тобунун командири өлтүрүлүп, тилкедеги көп кабаттуу имарат кыйраган соң Израилди көздөй ондогон ракеталарды атты. 10-майда кырдаал курчугандан тартып кеминде 56 палестиналык набыт болду. Алардын 14ү - балдар. Израил тараптан жети адамдын мерт болгону кабарланды. (ElB)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG