Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:33

Дональд Лу: Кыргызстан-АКШ жаңы келишими боюнча техникалык сүйлөшүүлөрдү аягына чыгара алдык


Дональд Лу.
Дональд Лу.

Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык боюнча жаңы келишимге байланыштуу техникалык сүйлөшүүлөр соңуна чыккан. Бул тууралуу 13-майда “Азаттык” радиосуна курган маегинде Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу билдирди:

“Биз техникалык сүйлөшүүлөрдү аягына чыгара алдык. Эми келишимге кол коюу үчүн Бишкек менен Вашингтондун саясий эрки гана керек. Эки тарапта тең саясий эрк бар экенин көрүп турам”.

Кыргызстан менен АКШнын өкмөттөрүнүн кызматташтыгы тууралуу келишимге 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган.

Бул документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.

АКШ президенти Жо Байден элчи Дональд Луну мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысына дайындоо ниетин жарыялаган. Жакын арада элчи кыргыз жергесиндеги кызматын аяктап, мекенине сапар алганы турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG