Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

Рахмон Орозо айт менен кыргызстандыктарды куттуктады


Эмомали Рахмон
Эмомали Рахмон

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Орозо айт майрамы менен кыргызстандыктарды жана президент Садыр Жапаровду куттуктады. Бул тууралуу кыргыз президентинин маалымат кызматы кабарлады.

Анда Рахмон мусулмандар үчүн берекелүү болгон майрамда президентке чың ден соолук, бакыт-таалай жана албан ийгиликтерди, кыргыз элине бакубатчылык, тынчтык, туруктуулук жана өнүгүү тилегени айтылат.

28-30-апрелде жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду. Тажик тараптан 19 адам каза болгону расмий айтылды. Эки өлкө бул үчүн бирин-бири айыптап, кылмыш ишин козгошту.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон эч кандай билдирүү жасай элек. Ал 13-майда Орозо айтка байланыштуу куттуктоосунда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда каза болгон Исфаранын тургундарынын жакындарына көңүл айткан.

XS
SM
MD
LG