Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:34

Футбол: АФК кубогунун тайпалык мелдештери башталат


«Дордой» футбол клубунун күйөрмандары.
«Дордой» футбол клубунун күйөрмандары.

14-майда Кыргызстандын футболдук клубдары катышкан 2021: Азия футбол конфедерациясынын (АФК) тайпалык баскычындагы мелдештер башталат.

«Е» тайпасында өлкөнүн чемпиону «Дордой», «F» тайпасында Кыргызстандын кубогун алган «Алай» футболдук клубу бар. «Е» тайпасына Түркмөнстандын вице-чемпиону «Ахал» жана Тажикстандын кубогун уткан «Равшан» клубдары да кирген.

Бул тайпанын оюндары Бишкекте, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Бишкекте түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу оюндар көрүүчүлөрсүз болот.

Кыргызстандык «Алай» клубу өз тайпасында Өзбекстандын «Насаф», Тажикстандын «Худжанд» жана Түркмөнстандын «Алтын Асыр» клубтары менен беттешет. Бул оюндар Дүйшөмбү шаарында өтөт.

«F» жана «E» тайпаларынын оюндарын КТРК Спорт каналы түз эфирде көрсөтөт. (BTo)

XS
SM
MD
LG