Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:07

Дональд Лу: АКШ Ооганстан боюнча кызматташууну Борбор Азиядагы бардык өлкөлөр менен сүйлөшүүдө


Дональд Лу.
Дональд Лу.

Кошмо Штаттар Ооганстан боюнча кызматташуу маселесин Борбор Азиядагы бардык өлкөлөр менен талкуулап жатат. Бул тууралуу 13-майда “Азаттык” радиосуна курган маегинде АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу билдирди.

АКШ пландап жаткандай быйыл Ооганстандан бардык аскерлерин чыгарып кетсе аларды Борбор Азияга көчүрүү ыктымалдыгы боюнча сүйлөшүүлөрдө Кыргызстанды да вариант катары кароо мүмкүндүгү тууралуу суроого элчи төмөнкүчө жооп берди:

“Америка Кошмо Штаттары Борбор Азиядагы бардык өлкөлөр менен Ооганстандагы туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоо жаатында кантип тыгыз кызматташса болорун сүйлөшүп жатат. Анын ичинде соода, энергетикалык кызматташтык, студенттерди алмашуу жана терроризмге каршы күрөш боюнча талкуулар жүрүүдө. Кыргызстанда эч ким аскерлерди жайгаштырууну сунуш кылбаса да биз аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн башка жолдор менен кызматташсак болоруна ишенем”.

АКШ Ооганстандагы күчтөрүн быйыл 11-сентябрга чейин чыгарып кетерин жарыялагандан бери ооган жергесинде чабуулдар жана өкмөттүк күчтөр менен талибдердин кагылышуулары күчөдү.

АКШдагы 2001-жылкы ири террордук чабуулдан кийин НАТО Ооганстанда атайын операция баштаган. Ошол эле жылы "Манас" аба майданында кыргыз өкмөтү менен макулдашуунун негизинде база ачылып, ал Ооганстанга каттаган учактарды тейлеп турган. 2014-жылы ал база кыргыз тараптын талабы боюнча мурда сүйлөшүлгөн мөөнөтүнөн жарым жыл эрте жабылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG