Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:06

АКШ: Кыргыз-тажик чек ара чырын чечүүдө чет жактын ролу чектелиши керек


Дональд Лу.
Дональд Лу.

Кошмо Штаттар Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында тутанган окуядан кийинки маселелерди эки өлкө тышкы кийлигишүүсүз, түз сүйлөшүүлөрдүн негизинде чечкени туура болот деп эсептейт. Бул тууралуу 13-майда “Азаттык” радиосуна курган маегинде АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу билдирди:

“Бул жаңжалды чет өлкөлүктөр баштаган эмес жана талашты чечүүдө чет элдиктердин ролу чектелиши керек. АКШ бул чек ара талашын эки өлкө түз сүйлөшүү менен чечишин колдойт. Биз бул жаңжалдан жабыркагандарга гуманитардык жардам көрсөтүүгө даярбыз жана эки тараптын өкмөттөрүн ушул чыр-чатакка жеткирген чыңалууну азайтууга үндөйбүз. Бул талашты мамлекет башчылары ийри отуруп, түз кеңешип тынчтык жолу менен гана чечет деп ишенем”.

28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду. Тажик тараптан 19 адам каза болгону расмий айтылды. Эки өлкө бул үчүн бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошту.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG