Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Сыдыков: Мамлекет өзү Кумтөрдүн ишин тышкы башкаруу аркылуу улантып кетери күмөн


Аскар Сыдыков.
Аскар Сыдыков.

“Кумтөр Голд” компаниясына сырттан башкаруу кирсе мамлекеттин бул ишканадагы өндүрүштү алып кета ала турган мүмкүнчүлүгү болору күмөн. Мындай пикирин 12-майда “Азаттыктын” эфиринде Эл аралык ишкерлер кеңешинин төрагасы Аскар Сыдыков билдирди:

“Себеби биз азыркы мамлекеттик кадр саясатын көрүп турабыз. Ошол татаал өндүрүшкө ишти билген, кынтыксыз адис келет деген күмөн. Эгер өндүрүш токтоп калса, эл жумушсуз калса, биз мамлекет катары миллиондогон арбитраждар менен жүрө берсек, бул абдан күмөн нерсе. Азыр өкмөт айтып жатат, президент да өз сөзүндө мамлекет ишканаларды башкара албайсын, мамлекеттин ишканаларынын 70-80% өзүн актабай турганын айтты. Анда эмне үчүн мамлекет ушундай ишканаларды башкарышы керек?"

Сыдыковдун пикиринде, мамлекет бул ишканадагы абалды жөнгө салуу ишин тийиштүү мыйзамдарды кабыл алуу аркылуу жүргүзгөнү туура болот.

Президент Садыр Жапаров 5-майда Конституциянын жаңы редакциясына кол коюу аземинде сүйлөп жатып “Мамлекеттик менчикке караганда жеке менчик ээси натыйжалуу иштей тургандыгын экономикалык реалдуулук ырастады” деп айткан.

6-майда “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам парламентте кабыл алынып, ал 14-майда күчүнө кирди.

7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд” компаниясын Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд 719 млн 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

8-майда «Центерра Голд» билдирүү таратып, ишканага коюлган доолор "таптакыр негизсиз" экенин, ал эми парламентте кабыл алынган мыйзам 2009-жылдагы макулдашууга карама-каршы келерин, "Кумтөр Голд" мыйзамдарды эч убакта бузбаганын айткан.

12-майда Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров ““Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу башкаруу киргизип, май айынан тартып алтынды Кыргызстанда калтыруу сунуш кылынып жатканын” билдирген, компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кендердин бири. Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет, Кыргызстандын үлүшү 26% түзөт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG