Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:08

Жазык-укуктук мыйзамдарга сунушталган өзгөртүүлөрдү талкуулаган жыйын өтүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте бүгүн 14-майда Кыргызстандын жазык-укуктук мыйзамдарына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү талкуулаган “тегерек стол” жыйыны өтүп жатат. Талкууга окумуштуулар, укук коргоочулар, юристтер, укук коргоо жаатында иштеген бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышып жатышат.

Талкуунун ачылышында анын алып баруучусу, “Стратегиялык чечимдер” коомдук фондунун аткаруучу директору Гүлмира Маматкеримова мыйзамдарга сунуштар жабык талкууланганын белгилеп, бүгүнкү жыйындын зарылчылыгын айтты:

“Иштеп чыгуу процесси, тилекке каршы, жабык болду. Муну журналисттер талкуулашты, укук коргоочулар жана эксперттер айтып жатышты, жада калса мамлекеттик органдардын өкүлдөрү да толук маалыматы жок экенин билдиришти. Ошондуктан биздин талкуу ошол кемчиликтин ордун толтуруу деп эсептейм”.

1-апрелде Кыргызстанда Соттук реформа боюнча мурда түзүлгөн кеңеш жоюлуп, президентке караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча кеңеш түзүлгөн. Ага ылайык, мыйзамдар боюнча талдоо жүргүзүү жана кеңеш үчүн сунуш иштеп чыгуу максатында эксперттик жумушчу топ түзүлгөн. Кеңеш сот жана укук коргоо ишине, аткаруу өндүрүшүнө жана жазык-аткаруу системасына тиешелүү ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча стратегиялардын долбоорлорун даярдап чыгышы керек экени айтылган.

Бир катар мыйзамдарды жана кодекстерди өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыгып, сунуштар Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга коюлган. Иштеп чыккан топ бүгүнкү жыйында айтылган сынга комментарий бере элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG