Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:31

Эски аянтта бийликти колдогон митинг өттү


Жапаровдун жактоочулары.
Жапаровдун жактоочулары.

Бишкек шаарындагы эски аянтка чогулгандар президенттик башкарууну жана жалпы Кыргызстандын элин ынтымакка, чек аранын бүтүндүгүн коргоого чакырган сөздөрдү сүйлөштү.

Уюштуруучулардын белгилөөсүнө караганда, митингге өлкөнүн жети дубанынан "тынчтыкты, ынтымакты жактаган" өкүлдөр келип катышты.

Митинг бир саатка созулуп, чогулгандар тынч тарады.

Мамлекет башчысынын саясатын колдоп чыккандар митинг-пикеттерге, бейөкмөт уюмдарга, оппозицияга каршылыгын билдирип, Жапаровдун коррупцияга каршы күрөшүн, жүргүзүп жаткан саясатын кубаттай турганын айтышты.

Садыр Жапаров быйыл январда өткөн президенттик шайлоодо добуштардын 79,2 процентин алып, мамлекет башчылыкка келген.

Бир катар басылмаларга курган маегинде ал мурда өлкөнү башкарууда тартип болбогонун, эч ким жоопкерчиликти өзүнө албай келгенин, эми жаңы Конституция боюнча президент жана өкмөт бирге иштеп, чечимдер тез кабыл алынып, реформалар башталарын айткан жана өкмөттүн курамында олуттуу өзгөрүүлөр болбой турганын билдирген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG