Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:02

Азери-армян чек арасы: абал кайра чыңалды


Азери-армян чек арасында
Азери-армян чек арасында

Армян бийлиги азери аскерлерин "өлкөнүн түштүк чек арасынан өтүп келип, талаштуу жерлерди ээлеп алууга аракет кылды", деп айыптап чыкты. Расмий Баку аскерлери Армениянын аймагына кирбегенин, алар чектеш тилкеге жайгаштырылганын кабарлады.

Дүйнөлүк коомчулук азери-армян жаңжалынын кайрадан тутанып кетишинен кооптонуп турат.

Арменияда парламенттик шайлоого чейин өкмөт башчынын милдетин убактылуу аткарып турган Никол Пашинян 13-майда Коопсуздук кеңешин чукул жыйынга чогултуп, расмий Бакуну кол салууга байланыштуу айыптады.

"Бул суверендүү Армениянын аймагына кол салуу. Бул бүлдүргүч чабуул коюу актысы", - деди Пашинян.

Ал өлкөнүн түштүк-чыгыш провинциясы Сюник жакта 250дөй азери аскери бир нече чакырым Армениянын аймагына кирип келип, эки күндөн бери кетпей турганын билдирди.

Буга кошумча Армениянын Коргоо министрлиги Азербайжандын аскер күчтөрү азери-армян чек арасында дагы эки бөлүктү басып киришкенин маалымдады.

Пашинян Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) кайрылып, мүчө өлкөнүн коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаралганда бирдиктүү чара көрүүнү талап кылды.

Никол Пашинян
Никол Пашинян

Башында соңку дооматтарга үн катпаган расмий Баку кийинчерек азери аскерлери Армениянын аймагына басып кирбегенин, алар азери тарапка тиешелүү тилкелерде жайгаштырылганын кабарлады.

Азербайжандын Тышкы иштер министрилиги Түштүк Кавказдагы бул эки өлкөнүн чек аралары Советтер союзу тарагандан бери такталбаганын белгиледи.

"Баку Еревандын Сюник облусундагы абалды саясий максатта колдонуу аракеттерине жол берилбеши керек деп эсептейт", деп жазылат билдирүүдө.

Мындан соң чектеш аймакта эки тараптын расмий аскерий өкүлдөрү жолукканы кабараланды, бирок бир нече саатка созулган сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу азырынча маалымат бериле элек.

Азери-армян чек арасындагы абалдын кайрадан чыңалышына дүйнөлүк коомчулук дароо көңүл бурду.

Эммануэль Макрон
Эммануэль Макрон

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Пашинян менен телефондон сүйлөшкөндөн кийин расмий Бакудан тез арада Армения менен чектеш аймактардагы аскерлерин чыгарып кетүүнү талап кылды.

"Азербайжандын куралдуу күчтөрү Армениянын аймагын басып киришти. Аларды чукул арада артка чакыруу керек", деп жазды Макрон "Фейсбуктагы" баракчасына.

Ошондой эле ал аймакта коопсуздук менен туруктуулукту калыбына келтирүүдө Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине үмүт арткан.

Ал эми азери-армян талашында арачы болуп жүргөн Москва Баку менен Ереванды ок атууну токтотуу келишимин аткарууга чакырды.

Владимир Путин
Владимир Путин

Кремлдин маалыматына ылайык, 13-майда кечинде Орусиянын президенти Владимир Путин Никол Пашинян менен телефондон сүйлөшкөн. Анда орус президенти эки тарап бирдей ортодо ок атууну токтотуу боюнча келишимди кыйшаюсуз аткарышы керектигин белгилеген.

АКШ дагы эки тарапты сабырдуулукка чакырып, абалды тынч жөнгө салуунун жолдорун издөөгө чакырды.

"Биз армян-азери чек арасындагы талаштуу жерлерде чыңалуу күч алганы тууралуу кабарларга көз салып турабыз", деп жазды Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Нед Прайс "Твиттердеги" баракчасына.

Былтыр күзүндө эки өлкөнүн ортосунда Тоолуу Карабак үчүн алты апталык согуш жүргөн. Куралдуу жаңжал Азербайжан, Армения жана Орусия үч тараптуу макулдашууга кол койгондон кийин гана токтогон. Анын жыйынтыгында жикчил Тоолуу Карабактын чет жакаларындагы үч район кайра Азербайжанга кайтарылып, тынчтык орнотуу күчтөрү катары Орусиянын эки миңдей жоокери киргизилген.

Анда Пашинян бул келишимге кол коёру менен Арменияда нааразылык жүрүштөрү башталып, оппозициялык партиялар премьердин кызматтан кетишин талап кылышкан.

Пашинян алгач парламенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүгө макул болуп, шайлоодо "Жарандык келишим" партиясынан премьерликке кайрадан талапкер болуу үчүн апрелдин соңунда кызматын тапшырып, учурда өкмөт башчынын милдетин убактылуу аткаруучу болуп турат.

Арменияда парламенттик шайлоо 20-июнга белгиленген.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG