Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:07

Путин Баку менен Ереванга тынчтык келишимин аткарууну эскертти


Орусиянын президенти Владимир Путин, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян
Орусиянын президенти Владимир Путин, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян

Орусиянын президенти Владимир Путин Азербайжан менен Армениянын ортосундагы ок атууну токтотуу боюнча келишим кыйшаюусуз аткарылышы керектигин билдирди. Кремлдин маалыматына ылайык, 13-майда кечинде Путин армян премьер-министринин милдетин аткарып жаткан Никол Пашинян менен телефондон сүйлөшкөн. Анда орус президенти “Москва аймактагы туруктуулукту сактоо үчүн Баку менен Еревандын ортосунда активдүү ортомчулукту ырастаганы" айтылат.

Пашинян Армениянын түштүгүндө Сюник облусуна 12-майда эртең менен азери аскерлери кирип келип, өз өлкөсүнүн аймактык бүтүндүгүнө шек келтиргенин билдирген.

13-майда болсо азери аскерлери дагы эки жерден чек араны бузуп киргенин маалымдап, ЖККУдагы өнөктөштөрүнө кайрыларын кабарлаган. Мындан соң Франциянын президенти Эммануэл Макрон Азербайжан бийлигин Армения менен чектешкен аймактардан аскер күчтөрүн чыгарып кетүүнү талап кылды.

Баку Еревандын соңку дооматтарына жооп кайтара элек.

Былтыр күзүндө эки өлкөнүн ортосунда Тоолуу Карабак үчүн алты апталык согуш жүргөн. Куралдуу жаңжал Азербайжан, Армения жана Орусия үч тараптуу макулдашууга кол койгондон кийин гана токтогон. Анын жыйынтыгында жикчил Тоолуу Карабактын чет жакаларындагы үч район кайра Азербайжанга кайтарылып, тынчтык орнотуу күчтөрү катары Орусиянын эки миңдей жоокери киргизилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG