Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Орусияда коррупцияны иликтеген журналист сегиз жылга кесилди


Эдуард Шмонин
Эдуард Шмонин

Орусиянын Сургут шаардык соту журналист Эдуард Шмонинди сегиз жылга эркинен ажыратты. Ага "акча талап кылуу" жана "порнографияны жайылтуу" деген айып коюлган. Прокуратура Шмонинди 11 жылга кесүүнү сураган. Ал кылмыш ишинин козголушун куугунтук катары атап келет. Журналисттин жүйөсүндө, куугунтук Ханты-Мансийсктеги мунайдын уурдалышын ашкерелеген “Криминалдык мунай” деп аталган тасмасы чыккан соң башталган.

“Азаттыктын” орус кызматы мунайды уурдоо боюнча өз иликтөөсүн жүргүзүп, Шмониндин фильминде айтылган маалыматтар чындыкка дал келерин аныктаган.

Эдуард Шмониндин “Криминалдык мунай” деп аталган фильми 2016-жылы ноябрда жарыяланган. Анда өлкөдөгү мунайга бай аймактагы коррупциялык схемага орус полициясы жана Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнүн тиешеси бар экенин ашкерелеген.

Мындан көп өтпөй эле журналист камакка алып, ага карата ондон ашык айып коюлган. Тергөөнүн жүрүшүндө алардын көпчүлүгү кыскарган. Жыйынтыкта Эдуард Шмонин жергиликтүү депутаттан акча талап кылган жана фильмде дагы бир саясатчынын жыныстык катнашка барганы тартылган видеону колдонгону үчүн “порнографияны жайылткан” деген эки берене боюнча күнөөлүү деп табылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG