Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Макрон Азербайжанды Армениядан аскерлерин чыгарууга чакырды


Франциянын президенти Эммануэл Макрон Азербайжан бийлигин Армения менен чектешкен аймактардан аскер күчтөрүн чыгарып кетүүнү талап кылды. Макрон "Фейсбуктагы" баракчасына азери куралдуу күчтөрү Армениянын аймагына кирип келди жана алар тезинен чыгарылышы керек”-деп жазды.

Ага чейин француз президенти армян премьер-министринин милдеттин аткаруучу Никол Пашинян менен телефондон сүйлөшкөн.

Пашинян Армениянын түштүгүндө Сюник облусуна 12-майда эртең менен Азербайжандын аскерлери кирип келип, өз өлкөсүнүн аймактык бүтүндүгүнө шек келтиргенин билдирген. 13-майда болсо азери аскерлери дагы эки жерден чек араны бузуп киргени кабарланган. Баку Еревандын мындай дооматтарына жооп кайтара элек.

Былтыр күзүндө эки өлкөнүн ортосунда Тоолуу Карабак үчүн алты апталык согуш жүргөн. Куралдуу жаңжал Азербайжан, Армения жана Орусия үч тараптуу макулдашууга кол койгондон кийин гана токтогон. Анын жыйынтыгында жикчил Тоолуу Карабактын чет жакаларындагы үч район кайра Азербайжанга кайтарылып, тынчтык орнотуу күчтөрү катары Орусиянын эки миңдей жоокери киргизилген.

Тоолуу Карабак үчүн кармашта жеңилүү ызасын тарткандан кийин оппозиция буга премьер-министр Никол Пашинянды күнөөлөп, кызматтан кетишин талап кылып келген. Бир нече аптага созулган саясий кризисти жөнгө салуу максатында 20-июнда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү чечими кабыл алынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG