Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:20

Тоолуу Карабак: Азербайжан менен Армения туткундарды өз ара алмаша баштады


Армян оппозициясынын өкүлдөрү «Орус-түрк баскынчылыгына каршылык» деген ураан кармап, АКШнын элчилигинин алдында нааразылык жыйын өткөрүштү. Ереван. 2020-жылдын 14-декабры.
Армян оппозициясынын өкүлдөрү «Орус-түрк баскынчылыгына каршылык» деген ураан кармап, АКШнын элчилигинин алдында нааразылык жыйын өткөрүштү. Ереван. 2020-жылдын 14-декабры.

Азербайжан менен Армения жикчил Тоолуу Карабактагы алты аптага созулган согуш аракеттерине чек койгон үч тараптуу макулдашууга ылайык, өз ара туткун алмашуу жүрүмүн башташты. 14-декабрда Азербайжанга армяндардын колундагы бир катар туткундар учак менен жеткирилди. Азербайжандын бийлиги бардык туткундарды өз ара алмашуу тууралуу макулдашылганын тастыктады. Ушул эле күнү кечирээк Ереванга да орусиялык учак менен 44 туткун жеткирилгенин Армениянын расмий өкүлдөрү билдиришти.

Алгачкы баскычта Азербайжан жана Кызыл чырым уюму тастыктаган армян туткундары мекенине кайтарылды.

Туткундагы башка армяндарды табуу жана кайтаруу жүрүмү улантылмакчы. Бул тууралуу Армениянын вице-премьери Тигран Авинян өзүнүн «Фейсбук» барагына жазды.

Орусиянын Коргоо министрлигинин айтымында, 14-декабрда 12 туткун Азербайжанга, 44 туткун Арменияга өткөрүлүп берилди. Бул жүрүмгө орусиялык тынчтык орнотуу күчтөрү да кол кабыш кылгандыгы айтылды. Бирок мындан ары дагы канча туткун өз ара алмашылышы мүмкүн экени азырынча ачык айтылган жок.

27-сентябрда башталган алты апталык кыска согуш 9-ноябрда Азербайжандын, Армениянын жана Орусиянын жетекчилиги кол койгон, атышууну токтотуу тууралуу үч тараптуу билдирүүгө ылайык токтотулду. Жикчил Тоолуу Карабактын чет-жакаларындагы үч район кайра Азербайжанга кайтарылды. Аймакка тынчтык орнотуу күчтөрү катары Орусиянын 2 миңдей жоокери 10-ноябрдан тартып киргизилди.

Азербайжан Лачын районунда Тоолуу Карабак менен Армениянын ырааттуу байланышын камсыз кылган өткөөл жолдун кепилдигин берди. Өз кезегинде Армения Нахичеван автономиясы менен Азербайжандын чыгыштагы өткөөл жолуна өз кепилдигин берди.

XS
SM
MD
LG