Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:43

Пашинян Тоолуу Карабакта «бардык туткундар бардык туткундарга» деген принцип менен алмашуу жүрөт деп айтты


Армян премьери Никол Пашинян өзүнүн кызматтан чегинишин талап кылган нааразылык жыйындын катышуучуларына келип сүйлөөдө. Ереван. 2020-жылдын 18-ноябры.
Армян премьери Никол Пашинян өзүнүн кызматтан чегинишин талап кылган нааразылык жыйындын катышуучуларына келип сүйлөөдө. Ереван. 2020-жылдын 18-ноябры.

Азербайжандын жикчил Тоолуу Карабак аймагында жоолашкан тараптар тарабынан туткунга алынгандар «бардык туткундар бардык туткундарга» деген принцип менен алмашыла тургандыгы тууралуу макулдашууга жетишилгендигин Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян өзүнүн видео кайрылуусунда маалымдады.

Жаатташкан тараптардын ар бири туткундар тууралуу тизмелерин Эл аралык Кызыл Чырым кайрымдуулук уюмуна тапшырган. Пашиняндын айтымында, мында соңку согушка чейинки туткундар тууралуу да маалымат камтылууга тийиш.

Никол Пашинян өзүнүн видео кайрылуусунда кызматтан чегинээр-чегинбестиги тууралуу эч эскерген жок.

27-сентябрда башталган алты апталык кыска согуш 9-ноябрда Азербайжан, Армения жана Орусия жетекчилиги кол койгон ок атышууларды токтотуу тууралуу үч тараптуу билдирүүгө ылайык токтотулду. Жикчил Тоолуу Карабактын чет жакаларындагы үч район кайра Азербайжанга кайтарылды. Аймакка тынчтык жаратуу күчтөрү катары Орусиянын 2 миңдей жоокери 10-ноябрдан тартып киргизилди. Азербайжан Лачын районунда Тоолуу Карабак менен Армениянын ырааттуу байланышын камсыздаган өткөөл жолдун кепилдигин берди, өз кезегинде Армения Нахичеван автономиясы менен Азербайжандын чыгыштагы өткөөл жолуна өз кепилдигин берди.

Арменияда бул келишимдин айынан Пашиняндын премьерлик кызматтан кетүүсүн талап кылган оппозициялык жыйындар өткөрүлүп келет. Ал түгүл 17 партия саясатчы Вазген Манукянды Пашиняндын ордуна өкмөт башчылыкка сунуштап чыкты. Манукян 1990–1991-жылдары Армениянын өкмөтүн жетектеген.

XS
SM
MD
LG