Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:17

Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктургандардын жалпы саны 100 миңден ашты


Чүй облустук ооруканасы. 2021-жыл.
Чүй облустук ооруканасы. 2021-жыл.

Коронавирус алгачкы аныкталган былтыркы март айынан бери Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны расмий 100 249 адамга жетти.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин 15-майдагы маалыматына ылайык, жалпы 93 302 адам сакайды. Пандемия башталгандан бери вирустан 1695 адам көз жумду.

Акыркы суткада 404 адамга коронавирус жукканы лабораториялык жактан тастыкталды. Анын ичинен басымдуу бөлүгү Бишкекте – 294, Ош шаарында – 4, Чүй облусунда – 65, Ош облусунда – 2, Таласта – 1, Нарында – 9, Ысык-Көлдө – 20, Жалал-Абадда – 9 адам ооруга чалдыккан. Баткен облусунда коронавируска чалдыккандар расмий катталган жок.

15-майга карата оорудан 349 адам сакайып чыкты. 8 адам көз жумду, анын ичинен төртөө Бишкекте, үчөө Чүйдө, бирөө Талас облусунда.

Кыргызстанда COVID-19 вирусуна чалдыккан алгачкы үч адам 2020-жылы 18-мартта аныкталган. Былтыр июнь-июль айларында вирустун жугуу темпи жогорку чекке жетип, илдеттен көз жумгандардын саны кыска аралыкта кескин көбөйгөн.

Ооруканаларда орун табылбай, дарыканада кезек күткөндөрдүн саны көбөйгөн. Ыктыярчылардын жардамы менен жер-жерлерде күндүзгү стационарлар иштей баштаган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG