Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:23

Баткен: айрым аксайлыктар митингге чыгышты


Баткендин Ак-Сай айылынын тургундары. 14.05.2021
Баткендин Ак-Сай айылынын тургундары. 14.05.2021

Бүгүн, 14-майда Баткендин Ак-Сай айылынын 30дай тургуну облустук администрациянын алдына чогулду. Алар Баткен районунун Капчыгай айылы аркылуу Тажикстандын Ворух анклавына жол берилет деген сөздөрдү угуп, тынчсыздануусун билдирип келишкен.

Өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан кабарлагандай, чогулгандар менен өкмөттүн Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев жолукту. Ал Кыргызстан менен Тажикстандын чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин өкмөттөр аралык комиссиясы жүргүзүп жатканын белгилеген.

Чогулгандар кыргыз-тажик чек арасында орун алган акыркы окуялардан улам турак-жайларды калыбына келтирүү, үйлөрдү куруу, жоголгон документтерге байланыштуу маселелерди көтөрүштү. Облус башчысы зарыл болгон муктаждыктарды кыска аралыкта чечүүгө аракеттер болуп жатканын айтты.

Жолугушуудан соң топтолгон эл тарап кетти.

Кыргызстан жана Тажикстандын чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиясынын 1-майдын түнү болгон жыйынында төрт пункттан турган протоколго кол коюлган.

Анын биринчиси, тараптардын Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жолду биргелешип куруу чечими. Жаңы жолду тажик тарап гана колдонот, аны оңдоону да өз милдетине алат.

Кыргызстандык саясатчылар, активисттер жана тургундар муну “иш жүзүндө Ворухга берилген коридор” деп аташууда.

Кыргыз-тажик чек арасындагы 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды.

Баткен облусунда 100дөн ашык жеке турак жай кыйрап, өрттөлүп, мектеп жана чек ара бекети сыяктуу мекемелердин имараттары зыянга учураганы жана аймактагы 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий жарыяланды. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды. Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалды. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG