Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:12

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахманов эскерилди


Жусуп Абдрахманов.
Жусуп Абдрахманов.

Юстиция министрлигинин алдындагы Архив агенттигинде Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган "Улуу патриот" деп аталган мааракелик көргөзмө жана тегерек стол болуп өттү.

Жусуп Абдрахмановду эскерүү жыйыны.
Жусуп Абдрахмановду эскерүү жыйыны.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, Орусия, Казакстан жана Өзбекстандын элчиликтеринин өкүлдөрү, тарыхчылар, маркумдун жакындары катышты.

Жусуп Абдрахмановго арналган көргөзмө.
Жусуп Абдрахмановго арналган көргөзмө.

Көргөзмөгө мамлекеттик архивдердин фонддорундагы материалдар коюлду.

Мамлекеттик архивдердин фондундагы Жусуп Абдрахмановго таандык документ.
Мамлекеттик архивдердин фондундагы Жусуп Абдрахмановго таандык документ.

Көргөзмө ачылгандан кийин Абдрахмановдун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган тегерек стол болуп өттү. Ошондой эле Орусиянын, Казакстандын жана Өзбекстандын архивдеринен Абдрахмановго байланыштуу документтерди аныктоо жана алып келүү маселеси талкууланды.

Жусуп Абдрахманов 1901-жылы 23-декабрда туулган. 17 жашында Кызыл Армиянын катарында согушкан.1919-жылы Верныйдагы (азыркы Алматы шаары) командирлик курстан, андан кийин Ташкенттеги аскердик жогорку мектептен окуган.

Абдрахманов алгачкылардан болуп комсомолдун катарына өтүп, 1920-жылы Россия комсомолдорунун 3-курултайына өкүл катары катышкан.

1924-жылга чейин Жети-Суу аймагында жооптуу партиялык-советтик кызматтарда иштеген.

Коомдук ишмер 1925-жылы Москвага кызматка чакырылып, Бүткүл союздук коммунисттер партиясынын Борбордук Комитетинде жооптуу инструктор болуп эмгектенген.

1927-жылы Кыргыз АССРинин Элдик комиссарлар төрагасы болуп дайындалат.

Андан кийин ал ар кандай кызматтарды - партиянын Алматы шаардык комитетинин жооптуу катчылыгынан баштап РКП (б) БКнын Борбордук Азия Бюросунун бөлүм башчысынын орун басарына, Москвада РКП БКнын уюштуруу бөлүмүнүн инструкторуна чейин жеткен.

1933-жылы сентябрда Абдрахманов Кыргызстандын Эл Комиссарлар Кеңешинин (Министрлер кабинетинин) төрагалыгынан алынып, анан партиядан чыгарылган, 1937-жылы июнда камакка алынып, атууга өкүм чыгарылган. Өкүм 1938-жылы 5-ноябрда Чоң-Таш аймагында ишке ашырылган. Абдрахмановду жарандык реабилитациялоо 1958-жылы, партиялык актоо - 1989-жылы болгон. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG