Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:26

Садыр Жапаров элчи Дональд Луну кабыл алды


Садыр Жапаров элчи Дональд Луну дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. 14.05.2021
Садыр Жапаров элчи Дональд Луну дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. 14.05.2021

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-майда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Луну дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.

Жапаров коронавирус пандемиясына каршы күрөштө Кыргызстанга берген жардамы үчүн Кошмо Штаттарына ыраазычылыгын билдирди.

Дональд Лу АКШ Кыргызстанга гуманитардык жардам берүүгө, COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө жана демократиялык түзүмдөргө кол кабыш кылып, кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин белгиледи.

АКШ президенти Жо Байден Кыргызстандагы элчи Дональд Луну мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы кызматына дайындоо ниетин жарыялаган. Жакын арада элчи кыргыз жергесиндеги кызматын аяктап, мекенине сапар алганы турат.

Маалыматка караганда, Мамлекеттик департаменттин Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча бюросуна Борбор Азиянын беш өлкөсү, Индия, Пакистан, Ооганстан, Непал, Шри-Ланка, Бангладеш, Мальдив аралдары, Бутан кирет.

Дональд Лу АКШнын Кыргызстандагы элчиси болуп 2018-жылдын 18-сентябрында дайындалган. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG