Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:36

Базар-Коргондо мугалимдер нааразылык акциясына чыгышты


А.Макаренко мектебинин нааразылык акциясына чыккан мугалимдери.
А.Макаренко мектебинин нааразылык акциясына чыккан мугалимдери.

Бүгүн, 14-майда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарындагы А.Макаренко атындагы №1 мектептин мугалимдери нааразылык акциясына чыгышты.

Райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев “Азаттык” радиосуна билдиргендей, акцияга 30га жакын мугалим катышып, Кубанычбек Бакиров атуу адамдан коргоону суранышты:

«Бакиров Кубаныч деген блогер бир нече жолу келип, коркутуп, “Окуучуларды мектепке киргизбей, орозо карматпай жатыпсыңар” деген доомат коюп жазгандан кийин адамдар “Мугалимдер жаман, аларды ташбараңга алыш керек, атып салыш керек” дегенге чейин барышкан. Ошондуктан бүгүн мугалимдер укугу тебеленип жатканын айтып, өз укугун коргоп чыгышты”.

Сариев мугалимдер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн, алар ишин улантып жатканын кошумчалады жана Бакиров буга чейин да коронавируска байланыштуу чектөөлөргө карабастан мектепке кирүүгө аракет кылганын, кыздардын жоолук маселеси боюнча негизсиз айыптоолорду айтканын белгиледи.

Мугалимдердин айтымында, орозо кармаган 4-класстын окуучусу мектептен эсин жоготуп жыгылып калган жана кийин орозо кармоону уланткан эмес. Анын оозун ачуусун мажбурлабаганын айткан мугалимдер интернетте Бакировдун бул окуя тууралуу маалыматы чыккандан кийин алар жөнүндө кадыр-баркын тебелеген пикирлер айтылганын билдиришти.

“Азаттык” Бакировдун өзү менен байланышканда ал мугалимдерге каршы айтпаганын билдирди:

“Ошол мектептен “Окуучулардын орозосун мажбурлап ачтырып жатышат” деген кабар келген. Биз ошого барганбыз. Мен укук коргоочумун, блогер эмесмин. Үч-төрт окуучудан сураганда “Орозоңду ач” деп күндө мугалимдер айтарын билдиришти. Эжелерден интервью алсак, 16-18 жашка чейин орозо кармоого болбосун айтышты. Биз болгону суроо берип, интернетке чыгарганбыз. Комментарийде элдин көбү булардыкы туура эмес экенин, жаман адамдар экенин жазышты. Ошону менден көрүп жатышат”.

Орус тилинде окуткан А.Макаренко атындагы мектеп-гимназияда 1700дөн ашык окуучу бар, 80 мугалим иштейт.

Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сариевдин айтымында, мектепте орозо кармоого тыюу салынган жок, жогорку класстын окуучулары арасында орозо кармагандар болду. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG