Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:24

Атак-даңк жана арман коштогон тагдыр


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ар жылы 9-майда Улуу Жеңиштин урматына бейиши болгур атам согушка катышкан теңтуштары менен үйгө чогулуп, майрамдашчу.

Фронтто чогуу болгон досу Анарбек Чомоев, "Даңк" орденинин кавалери Шарше Чиркеев болуп “Синий платочек”, ”Друзья однополчане”, ”Священная война”, “Катюша”, “День победы” деген ырлардын сөзүн билбесе дагы обонун созуп калышар эле.

Анарбек аяш ата “Көк жоолук” - (“Синий платочек”) деген ыр жоокерлерге дем берип, чабуулга шыктандырганын, Клавдия Шульженконун колуна көк жоолук кармап сахнага чыкканын айтып бергени эсимде.

Улуу Ата мекендик согушта жоокерлердин демин көтөрүп күч-кубат берген “Синий платочек” ырын поляк композитору жана пианист Ежи Петерсбургский 1940-жылы чыгарып, сөзүн советтик акын, драматург Яков Галицкий жазган.

Клавдия экинчи күйөөсү Владимир Коррал (Кемпер) менен 1940-жылы жаз оркестр түзүп, Ленинград аймагында гастролдоп жүрүшкөндө согуш башталат.

1942-жылы Ленинград фронтунда кезектеги концерттен кийин аскер кызматкери Михаил Максимов “Көк жоолукка” жаңы текст жазып берет. Клавдия Шульженконун аткаруусундагы бул аскердик гимнге айланып. ырчынын атак-даңкы артат.

Бүгүн мына ушундай тарыхта калган ырды ырдаган, бүтүндөй муундун жүрөгүн багындырган талант Клавдия Шульженко тууралуу айткым келди.

Клавдия 1906-жылы 24-мартта Харьков калаасында жарык дүйнөгө келген. Гимназиянын окуучусу Клавдия Шульженко убактысын текке кетирбей Харьковдогу театр сүйүүчүлөрдүн драмалык ийримине катышат.

Табиятынан шыктуу Клавдия айрым спектаклдерде ырдап, көрүүчүлөрдүн көңүлүнө толот. Ал 1910-жылдан тарта элдик ырларды аткарып ырчылык өнөрүн өркүндөтүп, жергиликтүү мугалимден ырдоо ыкмаларын, нота үйрөнөт.

Жергиликтүү акын Иван Григорьев ага өмүрлүк жубай, жан шериги болом деп колун сурап, гүлдесте сунат. Акынга жүрөгү жылыбаган Клавдия анын берген гүлүн акыр-чикирге ыргытат. Жаш ырчыны кыя бастырбаган акын "атынып өлөм" деп өзүнө курал кезеп, коркутуп атып үйлөнүп тынат. Жердигинен зөөкүр Иван жакшы ыр жазсам жубайыма ырдатам деп ак эткенден так эткени менен жарытылуу ыр жаза албайт.

Тескерисинче, ичкени күчөп, зөөкүрдүгү, кумарпоздугу артат. Сүйүүдөн жолу болбой зомбулуктан тажаган Клавдия 1928-жылы Ленинградга жол тартат.

Поездден жолду катар чыйралуу жигит менен таанышып, сый-урматын көрөт. Бул эстрада ырчысы Владимир Корралли (Кемпер) эле.

Жөөт үй-бүлөдө чоңойгон Владимир кичинекей кезинде поезд бекеттерине барып кызылдарга, актарга, махночулар менен улутчулдарга бийлеп, частушка ырдап каражат таап чоңоет да, эс тартканда эстрада ырчысы болот.

Петербургга жеткенче Владимир ырчы кызды жактырып калып, ашыктыгын билгизет. Шаарга келип, ата-энесине поезден таанышкан кызга үйлөнөрүн айтат. Бирок энеси Клавдияны жактырбай каршы чыгат.

Бир күнү Владимир мюзик-холлдо сахнанын артында Клавдияны жактырып калган жигит менен мушташа кетип, колтугунан тапанча сууруп чыгып аны атмакчы болгондо тургандар ажыратып калат.

1930-жылы Клавдия менен Владимир баш кошуп эки жылдан соң Игорь аттуу уулду болушат. Владимирге турмушка чыкканы Клавдиянын иши оңолуп, батир алат. Экөө 1940-жылы жаз оркестр уюштуруп гастролго чыгышат. Күйөөсү мыкты продюсер болуп Шулженконун репертуарын” Биз одессалык моряктар”, “Партизандар,””Жоогазын”, “ Көк жоолук”,”Священная война”, “О любви не говори”, “Голубка” жана башка уккулуктуу ырларга толуктаган. Алар Ленинград фронтунда жарылган бомба, атылган окко карабай, 500дөн ашуун концерт берип, оорукандагы жарадар аскерлерге, камоодо калган Ленинграддын жашоочуларына концерт коюшат.

Ошол оор мезгилде бирге болушкан жубайлар, тынчтык өкүм сүргөн 1950- жылы ажырашып тынышат. Согушта хроникалык тасмаларды тартып жүргөн кинооператор Георгий Епифанов өзүнөн 12 жаш улуу Клавдияны жактырып, анын ырдаган үнүнө ашык болуп колун сурайт.

1956-жылы март айында Георгий 38, Клавдия 50 жашка чыкканын белгилегенден кийин баш кошот. Экөө тогуз жыл бирге түтүн булатып, оор мезгилдерде чогуу болушат. Жылдызы жанып, элге алынган ырчы Клавдиянын жаш кездеги сулуулугу, күч-кубаты кайтып, чыгармачылыгына сын айткандар көбөйөт. Жеке концерттери коюлбай, бут тоскон, көрө албастардын төө бастысында калат. Атүгүл шаардын партиялык аткаминерлерин салтанаттуу концерттеги программадан даңазалуу ырчыны чийип салышат.

Бир чети карылык, бир жагынан дарт алсыраткан атактуу ырчы ошентип алсыз бечарага айланат. Баягы шатыра- шатман кол чабуулар, кымбат баалуу белектер, урмат-сыйдын бири жок, жалгыздыктын желесине чырмалат, эки жума эстен танып төшөкө жатып калат. Аткаминерлер ырчынын саламаттыгына кам көрүп, кол кабыш кылып атабыз дегени менен жалгыздыктан жадап, жардамга муктаж болгон атактуу ырчы Клавдия Шульженко 1984-жылы 17-июнда Москвада көз жумган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG