Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:37

Театр: Адали жана канышага ышкысы өчпөгөн 90догу зергер


Анатолий Курбанович Адали (Толкунжан Ахмадалиев). 2020.
Анатолий Курбанович Адали (Толкунжан Ахмадалиев). 2020.

Кыргыз театр өнөрүнө баарандуу салым кошуп келе жаткан өнөрпоз, Кыргызстандын эл артисти Анатолий Курбанович Адали (Толкунжан Курбан уулу Ахмадалиев) 80 жылдык мааракесин британдык драманын кейипкерин ийисине жеткирип ойноо менен тосууда. Театр таануучу Аманбек Дилденбай уулу Жапаровдун блогу.

Алгы сөз
Анатолий Адали деген адабий ысымы менен Евразиянын орус тилдүү театр өнөрүнө таанымал инсан – заманбап кыргыз театр өнөрүнүн өнүгүүсүнө зор салым кошуп келе жаткан таланттуу жана мээнеткеч өнөрпоз.

Дал ушул чыгармачыл инсан – Кыргызстандын эл артисти Анатолий Курбанович Адали (Толкунжан Курбан уулу Ахмадалиев) 17-апрелде 80 жылдын сересин багындырат.

Анатолий (Толкунжан) агайды театр ышкыбоздору жаркын мүнөзү бар, ар кандай чыгармачылык маселелерди чечүүгө жөндөмдүү сүрөтчү катары билишет.

Бул өнөрпоз агайыбыз классикалык, заманбап жана улуттук драматургиянын көптөгөн ролдорун театр сахнасында ийисине жеткирип ойноп келет.

Акыркы жылдардагы анын эң маанилүү ролдордун бири – Армениядан келген белгилүү армян режиссеру Акоп Качан койгон Уильям Шекспирдин “Падыша Лир” трагедиясында падыша Лирдин, Ч.Айтматовдун “Кылым карыткан бир күн” чыгармасында Казангаптын ролу ж.б. болду.

Анатолий Курбанович сахна режиссёру катары онго жакын спектаклдерди ийгиликтүү койгон.

Ал 1996-жылы “Нооруз” фестивалында “эркектердин ролун эң мыкты аткаруучу” байгесине татыктуу болгон.

Адали агай Кыргызстандагы ар түрдүү социалдык роликтердин, бир нече кино тасмалардын жарнаамалардын каарманы катары да белгилүү.

Британдык театр өнөрпоздору (солдон оңго) Жулиан Гловер, Шейла Рейд жана Никола МакОлифф “Мористин мааракеси” комедиясын аткарууда. 2013-жылдын 25-январындагы жарнамалык сүрөт.
Британдык театр өнөрпоздору (солдон оңго) Жулиан Гловер, Шейла Рейд жана Никола МакОлифф “Мористин мааракеси” комедиясын аткарууда. 2013-жылдын 25-январындагы жарнамалык сүрөт.


Зергер Мористин эңсөөсү
Анатолий Адали, – Кыргызстандагы театр өнөрүнүн таанымал устаты, мындайча айтканда, бул өнөрдүн асыл ашын кынаптап коё алган зергери, – өзүнүн 80 жылдык мааракесинин ирегесинде британдык театр жана кино өнөрпозу, драматург Никола МакОлифф (Nichola McAuliffe) айымдын калемине таандык “Зергердин мааракеси” аттуу терең психологиялык мелодраманын башкы кейипкеринин – зергер Мористин ролун ойноп чыкты.

Бул жылмаюу менен какшык, үмүт менен кайгы өз ара ширелишкен драманын англисче түпкү аталышы – “Мористин мааракеси” (“Maurice’s Jubilee”).

Ал эми оюндун режиссёр Валерий Крайнов даярдаган бишкектик варианты “Асыл ташка чөгөрүлгөн сүйүү” («Любовь, замурованная в янтаре») деп аталууда.

Башкы ролду аткарган Анатолий Адали бир заматта зергердигинен иши анча оңолбосо да, кадырман жентлмендиги эч кемибеген карыянын кейпин кийди да, калды.

Улгайган карыя зергер эски сүрөттөрдү жарыкка жакындатып карап, улам бир нерсени эсине салып өзүнчө ырахаттанат.

Рак оорусунан жабыркап. жан айласы кеткен алсыз карыяга жакшылап назар салганда, анын кубанычы, ый-муң аралаш сезими жан дүйнөсүнө тынчтык бербей жаткандай. Мында арман адамга тагдыр жаратат жана аны өлүмдүн алдында тосуп алат, дегендей маани да көөдөнгө түшпөй койбойт экен...

Анатолий Курбанович Адали (Толкунжан Курбанович Ахмадалиев; ортодо), Кыргызстандын эл артисти, Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрынын өнөрпозу. Ал Никола МакОлифф (Nichola McAuliffe) айымдын калемине таандык “Зергердин мааракеси” аттуу драманын башкы кейипкери – зергер Мористин ролун аткарууда. 2021-жылдын 15-апрели.
Анатолий Курбанович Адали (Толкунжан Курбанович Ахмадалиев; ортодо), Кыргызстандын эл артисти, Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрынын өнөрпозу. Ал Никола МакОлифф (Nichola McAuliffe) айымдын калемине таандык “Зергердин мааракеси” аттуу драманын башкы кейипкери – зергер Мористин ролун аткарууда. 2021-жылдын 15-апрели.


Канышага болгон жоопсуз сүйүү
Азыркы британ канышасы Элизабет Экинчи тактыга отура элегинде бул зергер карыя (ал кезде жигит) падышалык сарайда ал кездеги бекбийке Элизабетке жолугуп калат. Элизабет жаш Мориске 60 жылдан кийин анын мааракесине келем, деп сыпайылык менен айтат.

Эми 90 жашка чыгаарына анча-мынча гана ай калган зергерге эч ким ишенбесе да, ал өзү мааракеме каныша келип куттуктайт, деп терең ишенет.

Зергердин байбичеси Хелен ракка кабылган күйөөсүнүн акыбалына байланыштуу коркуу менен үмүтсүздүктү кайраттуулук жана үмүт менен түшүнүксүз байланыштырган ошол балким ойдон деле чыгарылган окуя үчүн дагы деле болсо Мористи кызганат.

Окуянын жүрүшүндө улгайган зергер колундагы асылташ чөгөрүлгөн жана өзү канышага арнап жасаган шакекти аяр кармап, качандыр бир кездеги сүйүүнүн кумар кереметин баалайт, бирок ал керемет барып келип келемишке айланарын айтып арман кылат.

Бул спектакль сүйүү эмне экенин билбей өткөнчө, “сүйүп жүрүп, сүйгөнүнө жетпей, өмүр бою эңсеп өтүү кандай сонун” деген ойду камтыйт.

Оюндун соңунда “зергер карыя үчүн жан биргеси – өмүр бою аны менен чогуу жашаган кемпириби же кыялындагы канышабы?" – деген суроо көңүлдү кытыгылайт да, көшөгө жабылат.

Анатолий Курбанович Адали (Толкунжан Курбанович Ахмадалиев), Кыргызстандын эл артисти, Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрынын өнөрпозу. 2020.
Анатолий Курбанович Адали (Толкунжан Курбанович Ахмадалиев), Кыргызстандын эл артисти, Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрынын өнөрпозу. 2020.


Устатка таазим
Анан... узакка созулган шатыра-шатман кол чабуулар театр залын жаңыртты.
Арыктап, эки ийни оркоюп чыга түшкөн 90го таяп калган, ары алсыз, ары оорулуу зергердин жүрүм-туруму оюн бүтөөр замат дароо өзгөрдү да, бул зергер авансценага чыгып, каш-кирпик чачын ак аралаганы менен зыңкыйган, шайдоот аксакалга – Кыргыз Республикасынын эл артисти Анатолий Адали мырзага айланды.

Орусияда Олег Табаков да 80 жылдык мааракесинде дал ушул зергердин ролун мыкты аткарган. Кыргызстанда эми өзүбүздүн 80 жаштагы зергер Морисибиз пайда болду.

Оюн Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрында 16-апрелде коюлган жатса, анан кантип анын ийгилиги жөнүндө сөз кылынды? дешиңиздер мүмкүн.

15-апрелде бул драманы сахналаштыргандар чечүүчү сынак оюнду (башкы репетицияны) жүзөгө ашырышты. Көркөм кеңеш оюнду бир добуштан жактырды жана жалпы көрүүчүлөр үчүн коюуга сунуштады.

Бул оюн – маараке ээси Анатолий Адалинин гана эмес, ал 1981-жылдан бери ырааттуу иштеп келе жаткан Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрынын да кезектеги чыгармачыл ийгилиги болуп калмакчы десек жаңылышпастырбыз.

Айтмакчы, карыя зергер Мористи багуу үчүн ишке алынган Кэти аттуу кыздын ролун аткарган жаш актриса жана адабият бөлүмүнүн башчысы Изабелла Музурбаеванын айтымында, дүйнөдөгү жана өлкөдөгү эпидемиологиялык опурталдуу абал театрда эске алынып, кызматкерлердин жана көрөрмандардын коопсуздугуна тыкыр көз салынып жатат.

Эми 16-апрелде Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрындагы оюнга келе турган театр күйөрмандары да беткап тагынып, социалдык аралыкты сактоо эрежелерин карманып, лэди жана жентлмендерге айланышаары көптөн көп күтүлөт.

Ал эми 1941-жылы 17-апрелде Наманганда төрөлүп, чыгармачылыктын жогорку сересин Бишкекте багындырган Анатолий Курбанович Адали (Толкунжан Курбан уулу Ахмадалиев) агайыбызга кылымдын кыйырын ашкан өмүр, чың ден соолук, бакыбаттык, албан чыгармачыл ийгиликтер каалайбыз.

XS
SM
MD
LG