Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 19-январь, 2020 Бишкек убактысы 11:45

Өнөр устаты Аманбек Дилденбай 60тын төрүндө


«Азаттыктын» кабарчысы Аманбек Жапаров М.Рыскулов атындагы эл аралык сыйлыктын ээси болгон учур. 2-ноябрь, 2011-жыл.

Театр ишмери, журналист Аманбек Дилденбай уулу Жапаровдун 60 жылдык мааракесине байланыштуу замандашынын жана үзөңгүлөшүнүн блогу.

«Жигитке 70 өнөр аздык кылат» демекчи, 16-январда 60тын кырына чыккан айтылуу театр өнөрпозу, режиссёр, драмалык чыгармалардын жана киносценарийлердин автору, журналист Аманбек Дилденбай уулу Жапаров да көп кырдуу таланттын ээси.

Маараке ээси тууралуу кыргыз театр өнөрүнүн адистеринин кесипкөйлүк жогорку баалары менен окурман жана көрүүчү катары гана тааныштым. Бир билгеним - Амандын киндик каны Кичи Кеминде тамган, бирок кесиптик тушоосу бийик тоо койнундагы Нарын жергесинде кесилген. Анын журналисттик чабыты «Азаттык» үналгысынын чыгармачыл жамаатында кеңири мейкиндикке жеткен. Ал эми Амандын педагогдук мыкты таланты Бүбүсара Бейшеналиева атындагы мамлекеттик көркөм өнөр институтунда жана эл аралык Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде далай шакирттерге пайдубал түптөп келди.

Ал 1979-1983-жылдары Бишкектеги Бүбүсара Бейшеналиева атындагы мамлекеттик көркөм өнөр институтунун режиссура бөлүмүндө таалим алган. Андан соң Теңир-Тоого жолдомо менен кетип, Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрында артист жана режиссёр болуп иштеп, элетти аралап, Нарындын ызгаардуу кышын, аптаптуу ысыгын да көрдү, бийик жайлоосун да кыдырды, жакаларына да түштү.

Анын бактысына, СССРдеги кайра куруу доорунда Орусиянын айдыңдарынын уюткусу жайгашкан шаарда жашоо жана жаңыча көз карашты калыптандыруу шыбагасы тийди. 1988-1991–жылдары Аманбек Орусиянын Ленинград (азыркы Санкт-Петербург) шаарындагы Николай Константинович Черкасов атындагы Ленинград мамлекеттик театр, музыка жана киноматография институтунда режиссёрдук кесип боюнча илимий стажировкада болду.

Ал илимий стажировкасынын алдында мени менен да баарлашып, пикиримди уккан. Анда мен Ташкенде Өзбекстан ИАсынын Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунда күндүзгү аспирант элем.

«Ленинградда илимий тажрыйба топтоо - бул лотереядан уткандай эле мыкты мүмкүнчүлүк!» - дегендей жооп айтсам керек эле.

Ал кезде толукшуп турган Аманбек Дилденбай Ленинграддагы кыргыз жаштарынын демократиячыл уюмун түптөөгө да үзүрлүү катышкан. Бишкекке кечирээк келген жаңычыл демократиялык идеялар бул шаарда ээн-эркин талкууланып, «Самиздат» аталган көмүскө басмалардын цензурага шайкеш келбеген китептери Невадагы бул шаарда оңой таркатылып турган эмеспи.

Аманбек кийинчерээк, 1990-жылдары, Бишкектеги «alma mater» – Бүбүсара Бейшеналиева атындагы мамлекеттик көркөм өнөр институтунда окутуучу кызматын аркалап калганда чынында да театр өнөрүндөгү жаңычыл агымды тарбиялоого жандуу салым кошту. Демек, ал сырттан алган таалимин өз мекенинде да үзүрдүү жайылтты.

Ал «Азаттык» үналгысы менен 1998-жылдан тартып кызматташа баштады. Анын жан-дили менен жарыялаган берүү, маек жана макалаларынан саясат, адам укуктары тууралуу гана эмес, заманбап кыргыз көркөм өнөрүнө жана адабиятына бараандуу салым кошкон инсандар тууралуу да кеңири маалымат ала алдык.

Акын Байдылда Сарногоев кызы Гүлсана менен.
Акын Байдылда Сарногоев кызы Гүлсана менен.

Маселен, 2004-жылдын 3-февралында ал оорунун айынан үйүндө бекинип отуруп калган залкар акын Байдылда Сарногой уулунун төмөндөгү керемет ыр саптарын обого алып чыккан:

«Кыргыз жерин өз жерим деп басчуулар

Бытыранды урууларга бөлүнбөй,

Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар.

Кызматчылар, эл ичинде башчылар,

Кай бириң карт, кай бириңер жашсыңар.

Ызаат менен, жумуш менен, иш менен,

Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар».

Аманбек 2005- жана 2010–жылдардагы элдик ыңкылаптарды, өлкөдөгү чыныгы саясий реформаларды, демократиялык өзгөрүүлөрдү талап кылган демонстрацияларды жана башка саясий окуяларды да жеринен чагылдырып, элибиздин кеңири катмарларына маалыматты так, калыс, бейтарап, чагылгандай тез жеткирүүгө жекече салым кошуп келди.

Бишкекте президент К.Бакиевдин бийлиги маалында тынч демонстранттарды жаш агызган зат менен аткылашканда Аманбек да көзүнөн жаш агып, кыйналып жатканына кайыл болуп окуяны так чордонунан түз ободо чагылдырганы эсте.

Аманбек - эл достугунун жарчысы

Кыргыз жана казак коомчулугун ынтымакка чакырган драмалык чыгармасын Аманбек өз айылы Кичи-Кеминде болуп өткөн турмуштук окуядан алган. Кичи-Кеминден чыккан кадыр-барктуу аксакалдардын бири Мартбек жаш чагында ашуунун ары жагындагы казак айылынан бир дос тапкан. Нурсултан Назарбаев аттуу ал казак досу кийинчерээк өз жумуриятынын башчысы болуп калган чакта да, жаш чактагы Мартбектен кабар алып турганы белгилүү.

Дал ушул окуялар Аманбек Дилденбайдын «Эр достугу - эл достугу» аттуу публицистикалык драмасына өзөк болду. Бул чыгарма Бишкекте сахналаштырылганда бизге аны көрүү шыбагасы буюруп, кыйла толкунданганыбызды жашыра албайбыз.

Эми тыйындын экинчи бетиндеги сүрөткө да тигилип калсак, Нурсултандын кеминдик кыргыз кызына аруу сезимде болгондугу тууралуу да маалыматты чыгармага айлантаар учур деле бизге насип болоор...

Дээрлик 11 жыл мурда, 2009-жылы, Аманбек Дилденбай театр режиссёру катары дагы бир саамалыгын сунуш кылып, Насыр Давлесовдун «Аста, секин колукту» музыкалык комедиясын сахнага жаңы илепте алып чыкты. Ошондо ролдорду кызыктуу аткаргандардын бири ыраматылык куудул Жаныбек Алыкулов болду. Айрым өнөрпоздор бул оюнда эски калыптан чыгып, өздөрү үчүн жаңы амплуа ача алышты.

Жазуучу Темирбек Жолдубаев.
Жазуучу Темирбек Жолдубаев.

Аманбек Дилденбай жазуучу Темирбек Жолдубаевдин «Ак Токо» повестин театр сахнасынын тилине өткөрүүгө киришип жаткан чагында капысынан сыркоолоп калды.

Апасынын, өмүрлүк жары, ар кандай кыйынчылыкта чеп болуп берген Марсейилдин, Төрөкул, Мейилкандай жаракөр балдарынын, жалпы бир тууган жана жакындарынын, кесиптештеринин, шакирттеринин тилеги кабыл болуп, Аманбек оор сыркоону жеңип чыкканын да аны сагынган окурмандарыбызга куттуктап айта кетелик.

Кээде инсан өзү үчүн гана жашагандай сезилет, бирок анын чыгармачыл даремети миңдеген кишилерге жарык чачып берет. Аманбек жакында жазып бүткөн китепте өзү телчиккен Теңир-Тоодогу өнөрпоздордун кубаттуу мектеби тууралуу мол маалымат камтылыптыр. Бул китеп да болочокку таланттар үчүн шык берет деп ишенебиз.

Аман кайсы жерде иштебесин, сый-урматка татып келет

Анын негизги өзгөчөлүгү –– мээнеткечтиги жана жупунулугу. Ал дасыккан театр ишмерлери жана таанымал коомдук ишмерлер менен жүргөндө да, алгачкы жолу калем алып, сомоло чыгармасында данек бар же жоктугун сурап кайрылган жаш калемгер менен баарлашканда да, бирдей эле жаракөрлүгүн жана адамкерчилигин тастыктай алган заманбап адис.

Аманбек Дилденбай уулу Жапаров. 1-апрель, 2009-жыл.
Аманбек Дилденбай уулу Жапаров. 1-апрель, 2009-жыл.

Алтымыш жылдык торколуу тоюң кут болсун, Аман!

Эми алдыда далай ашуулар бар, аларды бекем ден соолукта чечкиндүү ашып өтүп, улам жаңы чыгармачыл мөмөңдү тартуулап, бакыбаттыкта 110 жаштын чайын ичүүгө жетишүүңө тилектешпиз!

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (16)

XS
SM
MD
LG