Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:54

Ч.ОРОЗОБЕКОВА: “ДЕ-ФАКТО” ГЕЗИТИНИН ЖАБЫЛЫШЫНА ЖОЛ БЕРБЕЙБИЗ


Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек Бүгүн “Де-факто” --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2008/06/91D274B0-37F3-4B96-B111-006D2FCDE7F0.asp гезитинин “Бакиевдерге жардам” акциясы региондордо уюштурулат. Буга байланыштуу гезиттин башкы редактору Чолпон Орозобекова “Азаттык” үналгысына маек куруп берди.

-“Де-факто” гезитин колдогон иш-чаралар кайсы аймактарда өткөрүлгөнү жатат?

-Биздин гезиттин акциясы тууралуу уккандан кийин региондордон абдан көп телефон чалуулар болду. Айылдан кантип бир сомду жөнөтө алабыз, кайда жөнөтүшүбүз керек, балким биз тизме түзүп, колубузду коюп, дарегибизди так жазып конверт менен салсак болобу деген көп суроо болду. Бул жагын азырынча ойлонуштуруп атабыз. Бирок сот башталганда эле биздин гезитти коргоо комитеттери түзүлгөн. Ошолор тараптан демилге болуп, азыр Ошто, Таласта башталганы турат. Ал эми Нарында болсо медиа борбор тарабынан уюштурулган жатат. Кечээ болсо редакцияда 10 миң 3 адамдан бир сомдон түштү. Анан 5, 10, 20 сомдон таштайлы дегендер болуп атат. Бирок биз акцияда бир сомдон деп айтылгандан кийин бир сомдон гана алып жатабыз.

-Чолпон айым, бул өткөрүлүп жаткан иш-чаралар саясий акциябы, же Жаныбек Бакиевдин уулу Асылбек Салиевге бир миллион сом төлөп берүүнүн айласыбы?

-Жок, биз соттун чечимин тааныбайбыз жана макул эмеспиз. Судья Мадина Давлетбаева саясий заказды аткарды, ошондуктан биз миллионду төлөйлү деген ниетибиз жок. Бул болгону “Бакиевдер ошончолук эле миллионго муктажбы, анда карапайым калк бир сомдон чогултуп берсин” деген саясий акция.

-Ал эми бул иш боюнча апелляциялык арыз менен жогорку инстанцияларга кайрыласыздарбы?

-Албетте апелляциялык арызды биз шаардык сотко даярдап жатабыз, жок дегенде шаардык соттон, же жогорку соттон акыйкаттык табабыз деген ниеттебиз.

-Жакынкы күндөрү бийлик тараптанбы, укук коргоо органдары тарабынанбы сиздерге кандайдыр бир коркутуулар, кысым көрсөтүүлөр болгон жокпу?

-Кысым сөзсүз түрдө болуп жатат. Билесиздер, Союз печать, Кыргыз почтасы өңдүү бийликтин колундагы ишканалар тараптан биздин гезитти саттырбай, элдин колуна жеткирбештин айла амалы абдан көп болуп атат. Ошондой эле бизди моралдык жактан чүнчүтүүнүн аракеттери абдан көп, телефон аркылуу коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатат.

-Ал эми “Де-факто” гезити чыкпай калуу коркунучу жокпу?

-Жок, биз эч качан ага жол бербейбиз.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG