Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:02

Бөкөнбаевдин 110, Адышеванын 100 жылдыгы


Жоомарт Бөкөнбаев менен Тенти Адышева.
Жоомарт Бөкөнбаев менен Тенти Адышева.

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында 29-декабрда кыргыз элинин залкар акыны, драматург, котормочу Жоомарт Бөкөнбаевдин 110 жылдыгы жана Кыргыз ССРинин Эл акыны Тенти Адышеванын 100 жылдыгы белгиленди.

Жоомарт Бөкөнбаев 1920-30-жылдардын жазма адабиятынын, маданиятынын, көркөм өнөрүнүн өнүгүшүнө салым кошкон акын. Ал 17 жашында «Жер алган кедейлерге» деген алгачкы ырын жазган. Алгачкы эмгек жолун «Кызыл Кыргызстан» гезитинде адабият жана маданият бөлүмүнүн башчысы болуп иштөөдөн баштаган.

1931-1941-жылдары «Ленинчил жаш» гезити менен «Советтик адабият жана искусство» журналынын башкы редактору болуп эмгектенген. Акын Тенти Адышевага 29 жашында баш кошкон.

Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков Тенти Адышеванын энелик бийиктигин, акылмандыгын баса белгилөө менен Жоомарт Бөкөнбаевдин ырынан көркөм айтып берди:

Нуржигит Кадырбеков.
Нуржигит Кадырбеков.

«Улуу акындын бул ырын мектепте окуп жүргөндө жаттагам. Карабайсыздарбы, согуш мезгилинде кээ бирлери согуштан качып, жашынып жүрсө, Жоомарт атабыз барам деп, өзү сунуш киргизген. Бул ыры анын мекенге болгон сүйүүсүн айтып турбайбы.

Дүйнөнүн жүзүн өрт алып,
Кара жалын каптады.
Кыяндай жүрөт шаркырап,
Кызыл кандын акканы.
Ушундай апаат күндөрдө,
Уяттан уят эмеспи,
Уулуңдун үйдө жатканы.

Убагында улуу акын Алыкул Осмонов Жоомарт Бөкөнбаевдин ырлары тууралуу мындай дегенин окугам:

Акын ыры таттуу тилдүү бала эле,
Бул замандын чын сүйүктүү жаны эле.
Жорголугун салыштыра келгенде,
Шырдакбектин жоргосундай бар эле».

Жоомарт Бөкөнбаев «Айлуу түндө көл бою», «Өмүр», «Кыргыздын Ала Тоосу», «Жүрөгүм менин добулбас», «Жайдын кечи», «Эгерде элим толкуса» деген ырларын, «Түлкү менен бөдөнө», «Арстан менен түлкү», «Кулаалы», «Торгой менен жагалмай», «Мышык менен май» деген тамсилдерин жана «Кыздын канаты» аттуу поэмаларын жазган.

Анын жубайы Тенти Адышева 1938-жылы техникумду бүткөндөн кийин Ленинчил жаштар коммунисттик союзунун Борбордук Комитетинин (ЛКСМ БК) катчысы болгон. «Кыргызстан аялдары» журналынын партиялык бөлүмүнүн башчысы болуп да иштеген Тенти Адышева Жоомарт Бөкөнбаевге 19 жашында турмушка чыккан.

Атасынан төрт жашында калган эки залкар таланттын уулу Кулубек Бөкөнбаев ата-энесин көзүнө жаш алып эскерди:

Кулубек Бөкөнбаев.
Кулубек Бөкөнбаев.

«Атам өтө сезимтал адам болуптур. Ал өлөрүн сезген. Орустун поэзиясында космостук адам-аалам деген түшүнүк бар. Сиздерге атамдын акыркы жазган ырын айтып берейин:

Даңктасаң алыс мен кетем,
Табылбай далай жер кезем.
Коюнуңдан кетип баратам,
Кош, аман бол жер кепем.

Атамдын жазгандарын окуп олтуруп, анын күчтүү окумуштуу экенин байкадым. Ар бир жазганында илимий далилдер бар. Ал «Манас» тууралуу фильм тартыш үчүн иш сапарына кетеринде «Тентибай, мен өлөм» дей берчү экен. «Өңдөгү түш» поэмасы ошондон жаралган. Апам 24 жашында үч баланы кучактап кала берген. Апам атам тууралуу «Кылы үзүлгөн комузум» аттуу эскерүү китебинде кеңири жазган».

Тенти Адышеванын «Кылы үзүлгөн комузум» аттуу эскерүү китеби Жоомарт Бөкөнбаевдин айланасындагы Мукай Элебаев, Аалы Токомбаев, Жусуп Турусбеков, Темиркул Үмөталиев, Кубанычбек Маликов, Алыкул Осмонов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Гапар Айтиев сындуу акын-жазуучулардын, сүрөтчүлөрдүн, Муратбек Рыскулов, Бүбүсара Бейшеналиева, Иса Ахунбаев, Күлүйпа Кондучалова сыяктуу маданият өкүлдөрүнүн жашоо-турмушу, тагдыры чагылдырылган.

Адабиятчылар арасында ал кыргыз адабиятындагы алгачкы кара сөз түрүндөгү «эскерүү жанры» катары айтылып жүрөт.

Жоомарт Бөкөнбаев «Алтын кыз», «Каргаша», «Токтогул», «Семетей» пьесаларын жазган, «Айчүрөк» операсынын либреттосуна авторлош болгон. Бирок авторлошторунун бирөөсү Жусуп Турусбековдун эскерүүсүндө «Айчүрөк» либреттосунун 80% Жоомарт Бөкөнбаевге таандык экени айтылат.

Ал кыргыз адабиятындагы драматургия жанрына негиз салуучулардын бири болгон.

Залкар таланттар эки уул, бир кыздуу болушкан. Тун уулу Кулубек Бөкөнбаев Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, профессор, кызы Сырга Бөкөнбаева медицина илимдеринин доктору, профессор. Ал эми эң кичүү уулу Зайнидин Бөкөнбаев 2002-жылы мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Залкарлардын келини Ишенгүл Болжурова Бөкөнбаев эң алгачкы мугалимдердин бири болгонун айтты:

Ишенгүл Болжурова
Ишенгүл Болжурова

«Атабыз 17 жашында Баткенге мугалим болуп барган. Ал кыргыз филологиясына чоң салым кошкон. Түштүк диалектинде сүйлөп, жазгандыктан түндүк диалекти экөөнү бириктирип кыргыз филологиясын байытып, жаңы сөздөрдү кошкон. Анын Токтогул тууралуу жазган поэмасын окуп олтуруп, чоң окумуштуу экенине ынандым. Жөн гана «Токтогул мындай акын болгон» деп токтолуп калбай, ал кайсы себептерден улам демократ, адилет акын болгондугун, ар бир деталдарына чейин изилдеп, далилдүү жазган. Эгер ал акындык жолду эмес, илим жолун тандаганда эң көрүнүктүү окумуштуу болмок. Ал эми апабыз өзгөчө жароокер, шар, бетке айткан мээрбан аял болгон. Ал балдарына татыктуу тарбия берди».

Бөкөнбаевдин чыгармачылыгындагы бурулуш жылдар Улуу Ата Мекендик согуш учуру болуп эсептелет. Анын «Кош Ала Тоо, уулуң кетти майданга», «Жүрөгүм менин – Кызыл Туу», «Салам кат», «Антым», «Чептен эрдин күчү бек » өңдүү ырлары, «Кулаалы», «Сагызган сактыгынан өлбөй, суктугунан өлөт» деген тамсилдери жана «Ажал менен ар-намыс» поэмасы дал ушул согуш учурунда жазылган.

Ал эми Тенти Адышева «Акын» деген алгачкы ырын 1947-жылы жазган. Андан соң «Заманам», «Жарык дүйнө», «Ак пейил адамдар үчүн», «Ой толгоо», «Менин күнүм», «Тандамалар» аттуу поэтикалык китептери чыккан. «Жанылдын элеси», «Өмүр жолу», «Жүрөктөгү так» сыяктуу поэмалары бар. «Кеткендердин айылында», «Адам кызык», «Токто десем», «Ойнобо», «Алтымыштан ашкандарга», «Ысык-Көл», «Көк жайык», «Сары-Челек», «Эне-жер» аттуу чыгармаларын чыгарган.

Ал кыргыз адабиятында алгачкылардан болуп Кыргыз эл акыны наамын алган. Жолдошу Жоомарт Бөкөнбаевден ажыраган соң 10 жылдан кийин, 34 жашында белгилүү илимпоз, академик Муса Адышевге турмушка чыгып, анын фамилиясына өткөн.

Ал «Кылы үзүлгөн комузум» аттуу китебинин кол жазмасын калтырган. Китепти уулу Кулубек Бөкөнбаев терип басмаканадан чыгарган. Анда автор жубайлары Жоомарт Бөкөнбаев менен Муса Адышевдин тегерегиндеги XX кылымдагы совет доорунун кыргыз маданиятына тийгизген таасири, алгачкы жана кийинки интеллигенциянын жашоо образы, жетишкендиктер, көйгөйлөр тууралуу кеңири чагылдырган.

Тенти Адышева 1984-жылы 64 жаш курагында Бишкек шаарында каза болгон. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө, Жоомарт Бөкөнбаевдин жанына коюлган.

Драматург Жоомарт Бөкөнбаевдин көзү тирүүсүндө поэтикалык 22 китеби жарык көргөн. Акындын көзү өткөндөн кийин 12 жыйнагы чыккан.

Ал эми Тенти Адышева өз учурунда кыргыз коомунда кордолгон, жапа чеккен аялдардын тагдырына кайдыгер карабай, кыз-келиндердин эркиндикке жана тең укуктуулукка жетишине, адамдык жана аялдык бакытка ээ болушу зарылдыгына үндөгөн ырлары менен белгилүү.

XS
SM
MD
LG