Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:36

Сирия: борборазиялыктар турган лагерде беш чатыр өрттөндү


Cириянын түндүк-чыгышындагы качкындар баш калкалаган “Аль-Холь” лагериндеги беш чатыр өрттөнүп кетти. Бул тууралуу аталган лагерде башкалап турган тажикстандыктар “Азаттыктын” тажик кызматына кабарлаган. Алардын бири, Мадина аттуу аялдын айтымында, өрт 10-майда тутанган жана аны качкындар өздөрү өчүргөн.

“Биздин балдар өрттөн жабыркаган жок. Бирок башка улуттагы аялдар жана балдар жараат алды”,-деп айтып берген.

Мадина учурда лагердеги тажикстандык кыз-келиндер баш калкалачу жайы жок экенин кошумчалаган.

"Аль-Холь" лагеринде "Ислам мамлекети" террорчул тобуна кошулуп кеткен эң көп борборазиялык аялдар жана балдар кармалып турат. Бул жайда тажикстандык эле 400дөй жаран бар экени кабарланган. Лагерь БУУнун каржылык жардамы менен ачылып, согушкерлердин аялдары менен балдары тарыхый мекенине кайтканга чейин баш калкалап турушат. Анда кыргызстандык балдар жана аялдар бар экени айтылып келет.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сирия менен Ирактан согуш аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. "Ислам мамлекети" террордук тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган. Март айында Кыргызстан Ирактан "Мээрим" деп аталган гуманитардык миссиянын алкагында 79 баланы алып келген болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG