Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 02:32

Мүлк фонду чыгаша ишканаларды көрсөттү


“Кыргызавтобекети” чыгашага учураган ишканалардын бири.

Президент Садыр Жапаров 5-майдагы кайрылуусунда мамлекетке караштуу мүлктүн көпчүлүгүн сатууну сунуштаган. Президенттин ниетин түшүндүрүү үчүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду журналисттерди Бишкек шаарындагы айрым мамлекеттик ишканаларга алып барды.

Мамлекеттик мүлк фондунун маалыматына караганда, Кыргызстанда жалпысынан 104 мамлекеттик ишкана бар. Анын 38и гана пайда тапса, 19у чыгым тартып жаткан ишканалар. Калганы пайдасы да, чыгымы да жок, отчет бербеген, бюджеттик жана жоюлуп кетүү алдында турган, экономикалык ишмердүүлүк жүргүзбөгөн ишканалар.

Пайда таап жаткан 38 ишкананын бир жылдык таза кирешеси 1 млрд 293 млн сомду түзөт. Бул акчанын 50 пайызы бюджетке которулуп, калган теңи ишкананы өнүктүрүүгө жумшалат. 38 ишканада жалпысынан 12,5 миңдей адам иштейт.

Чыгым тартып жаткан, пайда таппаган, отчет бербеген калган 66 ишканада жалпы жонунан 5,5 миңге ччкул киши эмгектенет.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду өзүн актабайт, рентабелдүү эмес деп журналисттерге көрсөткөн мамлекеттик мүлктөрдүн бири Бишкек шаарынын чок ортосунда жайгашкан “Бишкек машина куруу заводу” ачык акционердик коому жана "Бишкек штамп заводу" мамлекеттик ишканасы болду.

Советтер союзунун учурунда "Ленин" деген ат менен белгилүү бул завод Бишкектин чок ортосундагы 70 гектар жерде жайгашкан.

“Бишкек машина куруу заводу” жана “Бишкек штамп заводу” мамлекеттик ишканасы 2001-жылдан 2017-жылга чейин атайын келишим менен ишенимдүү башкарууда болуп, эки завод тең иштебей калган.

2017-жылы өкмөттүн токтому менен ишенимдүү башкарууга берген келишим жокко чыгарылып, өз алдынча иш алып бара баштаган.

83 пайызы мамлекетттин менчиги болгон “Бишкек машина куруу заводунун” башкармалыгынын жетекчиси Бактыбек Бекболотов алардын мамлекетке карызы 200 миллион сомдон ашканын, банкроттук абалда экенин айтты.

“Бүгүнкү күндө “Бишкек машина куруу заводунун” мамлекетке карызы 200 миллиондон ашык, банкроттук абалда. 70тей кызматкер иштейт".

“Бишкек машина куруу заводунун” имараттарынын 30%да эле ижарачылар отурары белгилүү болду. Заводдун директору калганы бош турганын айтты.

Мурдагы Ленин заводундагы дагы бир завод ок-дары чыгарган “Бишкек штамп заводу” мамлекеттик ишканасы. Бул ишкананын дагы мамлекетке карызы 200 миллион сомдон ашары белгилүү болду.

Бул ишкананын директорунун орун басары Алмаз Акматалиев 2018-жылдан бери ишкананын кирешеси өсүп келе жатканын айтат.

“2018-жылы өндүрүлгөн продукциянын жалпы суммасы 48 млн, 2019-жылы 236 млн, 2020-жылы пандемияга карабастан 400 млн кирешеге жакындап бардык. Таза киреше 2020-жылы 36 млн сомду түздү”.

Мамлекеттик мүлк фонду чыгым тартып өзүн-өзү бага албай калды деген мамлекеттик ишкананын бири “Кыргызавтобекети” ишканасы. Бул ишкананын балансына 7 автобекет, 13 автостанция карайт. 2019-жылы 10 миллион сом таза киреше таап, Мамлекеттик мүлк фондуна 50% которгон. 2020-жылы пандемиядан улам автобекеттер жарым-жартылай иштеп киреше 50% түшүп кетти дейт “Кыргызавтобекети” ишканасынын башкы директору Максат Жумабаев.

“2019-жылдын жыйынтыгы менен айта турган болсок пандемияны эске албаганда, бир дагы автобекет чыгым менен чыккан эмес. Баардыгы киреше тапкан, баарында оңдоп-түзөө иштери башталган. Бузулууга дуушар болгон автобекеттерди оңдоп баштаганбыз. Мисалы, Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын автобекеттерин оңдодук. Пандемия учурунда биздин ишмердүүлүккө чектөө бар”.

“Кыргызавтобекетине” Бишкектеги батыш жана чыгыш автобекеттери карайт. Борбор шаардан Токмокко жүргүнчү ташыган Элдияр Кочкорбаев автобекеттин жеке менчик колго өтүшүнө каршы чыккандардын бири.

“Жеке менчикке өткөнгө болбойт. Ар бир машина акча төлөп кирип чыгат. Өкмөт үчүн жакшы каржы булагы. Өздөрүнүн жеке кызыкчылыгы болбосо, өкмөттө турганда жакшы болмок. Жеке менчикке өтсө кымбаттайт. Койсоң кой, койбосоң айдап кет дейт да”.

Автобекеттер жеке менчикке берилсе төлөмдөр кымбаттайт деп кооптонгон айдоочулар деген менен мамлекеттик ишкана башкарган автобекеттердин абалына нааразы.

Чыгыш автобекетинен Токмокко жүргүнчү ташыган айдоочу Урмат Кошоев автобекетте эч кандай шарт жок экенин айтты.

“Күнүгө акча түшүп жатат, бирок эч кандай шарт жок. Кышында тайгаланып чыгышың кыйын, жайында тыгындан чыгышың кыйын. Бул жагы суу, бул жагы көл, аттап-буттап эптеп жүрөбүз. Акча түшүп жаткандан кийин шарт түзсө болот го. Бул автобекет эмес эле унаа токтоткон жайга айланды”.

Чүй облусунун чыгыш бөлүгүн тейлеген Бишкектеги чыгыш автобекети ай сайын 30-40 миң сом гана таза киреше табары белгилүү болду. Бул каражаттын жарымы мамлекеттин бюджетине кетсе калган бөлүгү автобекетти оңдоп-түзөөгө жумшалат.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары Канат Рыскулов өкмөттүн мүлктөрүн толук жеке колго сатып жиберет деген туура эмес түшүнүк экенин айтат. Учурда Экономика-финансы министрлиги мамлекеттик ишканаларды пайдага чыгаруу үчүн ар түрдүү жолдор изделип жатканын, жеке менчикке берүү ал жолдордун бири экенин белгиледи.

“Баарыңыздар мамлекеттик ишканалардын абалын көрүп чыктыңыздар. Өзүңүздөр көргөндөй бүгүнкү күнү ушундай абалга жеткенден кийин модернизациялоо маселесин караштырышыбыз керек. Ошонун негизинде трансформациялоо ишине келип жеттик. Мамлекеттик ишканаларды кантип өнүктүрөбүз, министрликтердин жетекчилери менен концепция түзүп алып ошонун алкагында иш жүргүзөбүз. Баары сатылып, жоголот деген туура эмес түшүнүк. Коомчулукта ушундай тынчсыздануу жаралып жатыптыр. Бүгүн пресс-тур кылып жатканыбыздын негизи, иштебей жаткан ишканаларды өнүктүрүү жолуна түшүрөлү деген иштин алкагында көрсөтүп жатабыз. Бул жерде иштебей жаткан ишканалар жөнүндө сөз жүрүп жатат”.

Президент Садыр Жапаров 5-майдагы кайрылуусунда мамлекеттик мүлктү жеке менчикке өткөрүү тууралуу мындай деген.

“Бешинчиден, мамлекеттик активдерди колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу зарыл. Мамлекеттик менчикке караганда жеке менчик ээси натыйжалуу иштей тургандыгын экономикалык реалдуулук ырастады. Биздин милдет — мамлекеттик ишканаларда реструктуризация жүргүзүп, келечекте жеке менчикке өткөрүү. Ал эми стратегиялык объектилерде кызмат көрсөтүү сервистерин менчиктештирүү керек. Мамлекеттик мүлк фонду бул ишти аяктаган соң жоюлушу кажет. Менчиктештирүүгө жатпаган мамлекеттик мүлктү болсо министрликтерге жана ведомстволорго, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүүсү керек. Бул жумушту аткаруу үчүн бир жыл жетиштүү деп ойлойм”

Мамлекеттик ишканалардан тышкары өкмөттүн аздыр-көптүр үлүшү бар 65 чарбалык коом иштеп жатат. Мындагы ишканаларда мамлекеттин үлүшү түрдүүчө, кээ бирлеринде 10-15%, же 50-60%, айрымдарында болсо дээрлик 90-100% ээлик кылат.

Буларга “Мегаком” деген бренд менен таанымал “Альфа Телеком”, “Айыл Банк”, “KICB Банк”, “РСК Банк”, “Бакай Банк”, “Кыргызалтын”, “Мамлекеттик ипотекалык компания”, “Улуттук энергохолдинг” компаниялары, “Айдаркен сымап”, “Дастан”, “Ош-Дюбек тамеки”, “Кызыл-Кыя-тамеки”, “Кайыңды-кабель” заводдору, “Кыргызнефтегаз”, “Манас” эл аралык аэропорту, “Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясы, “Кыргызтелеком”, “Учкун” ишканалары кирет. Ушул эле топко “Найман ГЭС” коому жана “Пирамида”, “ОшТВ” телеканалдары да кошулат.

Мамлекеттик мүлк фондунун маалыматына караганда, жалпы 65 чарбалык коом болсо, анын 25и гана пайда алып келет.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG