Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:37

Журналист Каниметовдун адвокаты тергөөчүгө каршы сотко кайрылат


Канат Каниметов.
Канат Каниметов.

Журналист Канат Каниметов боюнча баштапкы териштирүү жүргүзүп жаткан милициянын кызмат адамына карата сотко даттануу арызы жазылат, азыр тийиштүү материалдар чогултулууда. Бул тууралуу журналисттин адвокаты, “Медиа Полиси Институту” уюмунун юристи Нурбек Сыдыков билдирди.

14-майда жактоочу журналистке карата жүрүп жаткан териштирүү негизсиз экени тууралуу үч пункттан турган билдирүү таратып, адамды бийликти сындаганы үчүн “майда ээнбаштык” беренеси менен мындай факт болбосо да суракка чакыруу жана сотко чейинки териштирүү жүргүзүү мыйзамсыз экенин белгиледи.

Сыдыков “Ошондуктан баштапкы териштирүү жүргүзгөн кызмат адамынын аракетине карата биз даттанабыз” деп билдирди жана милиция бул негизсиз иш менен алек болуп ресурсун бекер коротуп жатканын, сын пикирди интернетке ачык жазуу өлкөнүн коомдук-саясий абалын кандайча начарлатышы мүмкүндүгү түшүнүксүз экенин кошумчалады.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынын өкүлү Нургүл Нусупова 14-майда “Азаттыкка” билдиргендей, Каниметовго карата иш “майда ээнбаштык” деген берене менен козголгон:

“Ооба, факт катталган. Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгында тергөө уланып жатат. Азырынча ушул гана маалыматты айта алабыз”.

Адвокат Сыдыковдун айтымында, Каниметов боюнча материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 23-мартта “Жоруктар жөнүндө” кодекстин 119-беренеси (майда ээнбаштык) менен катталган. Буга журналист 3-февралда Facebook баракчасына блогер Юлия Барабинанын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөнүнө байланыштуу бийликти сындап жазганы себеп болгон. Сотко чейинки териштирүү 30-мартта башталган, маалыматты журналга каттоого Каниметовдун жазганы “өлкөнүн коомдук-саясий абалын начарлатышы мүмкүн” деген жүйөө негиз болгону көрсөтүлгөн.

Каниметов өзү 7-майда Facebook баракчасына анын Балыкчыдагы үйүнө милиционерлер издеп барганын жазган жана муну бийликти сындап жазбоо үчүн басым катары баалап жатканын билдирген. Журналист "Апрель" телеканалында иштейт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG