Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:59

Ысык-Көлдө эл аралык марафон башталды


Марафондун катышуучулары. Ысык-Көл. 15-май, 2021-жыл.
Марафондун катышуучулары. Ысык-Көл. 15-май, 2021-жыл.

22-олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси Сатымкул Жуманазаровдун жаркын элесине арналган 9-марафон Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылында старт алды.

«Run the Silk road — Shanghai Cooperation Organization» деп аталган эл аралык марафонду Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ачты. Ал иш-чаранын башталышында сүйлөп, спорттук массалык иш-чаралар аркылуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн кызматташтыгын бекемдөө, эл аралык достук, спорттук байланыштарды жана туризмди өнүктүрүү, аймактагы күчтүү марафончуларды аныктоо - марафондун максаты экенин белгиледи.

Президент былтыр Шанхай кызматташтык уюмунун Ысык-Көл марафону «квалификациялык» деп таанылганын, анын нормативин толтурган спортчуларга дүйнөлүк чемпионатка, Олимпиада жана Азия оюндарына жолдомо берилерин айтты.

Эл аралык марафонго дүйнөнүн 35 өлкөсүнөн 3 миң адам катышууда.
400 киши 21 чакырымга, 100 киши 42 чакырымга, 800 киши 10 чакырымга жана 3 чакырымга чуркоо үчүн 800дөн ашык киши катталган.

Марафончулардын арасында 20дан ашык мүмкүнчүлүгү чектелген катышуучу бар.

“Быйылкы марафон ушуну менен 9-жолу өтүп жатат. Былтыр пандемияга байланыштуу уютура албай калдык. Быйыл Украина, Орусия, Казакстандан спортчулар келди, Европа өлкөлөрүндөгү катышуучуларыбыздын көбү коронавирустан улам киргизилген чектөөлөргө байланыштуу келген жок. Быйыл 3 миң катышуучудан ашпасын деген талап бар болчу, ошондуктан 3 миң киши чуркап жатат. Негизи башка жылдары келгендер мындан көбүрөөк эле”, - деди марафондун башкы калысы Бактияр Бокоев.

Марафондун эң кенже катышуучусу 6 жашта, эң улуусу 83 жашта.(KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG