Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:52

Бишкек: эки аялдын өлүмүнө шек саналып өспүрүм кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарындагы Жибек-Жолу проспектиси менен Ибраимов көчөсүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринде киши колдуу болгон эки аялдын өлүмүнө шектелип 16 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматы кабарлады.

Шектүү Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине менен милициянын убактылуу кармоочу жайына камалды.

12-майда катталган 63 жана 31 жаштагы эки аялдын өлүмүнө байланыштуу милиция Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүнүн 11-пункту (Эки же андан ашык адамды өлтүрүү) менен сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүп жаткан.

Айрым маалымат каражаттары киши колдуу болгондор эне-кыз экенин жазып жатышты. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG