Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:51

"Кыргызалтын" акцияларынын бир бөлүгүн сатууну көздөп жатканы тууралуу кабар тарады


Кумтөрдөн казылып алынган алтын. Февраль, 2013-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Кумтөрдөн казылып алынган алтын. Февраль, 2013-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Канаданын BNN Bloomberg басылмасы "Кыргызалтын" ишканасы "Centerra Gold Inc." компаниясындагы үлүшүнүн 19% сатууну көздөп жатканын жазып чыкты.

Басылма акцияларын сатууну "Кыргызалтын" өзү жарыя кылганын, бул акция баасынын төмөндөшүнө алып келгенин билдирди.

Ал эми "Центеррадагы" Кыргызстандын өкүлү Тенгиз Бөлтүрүков бул маалыматты четке какты. Анын "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча "акциялар сатылат" деген маалымат бааларды төмөндөтүү максатында атайылап таратылууда.

Канададагы документтерди иликтеп, анализдөөчү системага (SEDAR) "Centerra" 13-майда маалымат жүктөгөн. Анда “Кыргызалтын” ачык акционердик коому 14,8 млн. акциясын сатууну сунуштап жатканы жазылган.

"Кыргызалтын" ишканасынын "Centerra Gold Inc." компаниясында 77,4 млн. акциясы бар.

"Кыргызалтын" ишканасы акциялардын сатыкка коюлганы тууралуу маалыматка пикирин билдире элек.

Быйыл 6-майда “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам парламентте кабыл алынып, 14-майда күчүнө кирди.

7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд” компаниясын Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд. 719 млн. 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

8-майда "Центерра Голд" компаниясы билдирүү таратып, ишканага коюлган доо "таптакыр негизсиз" экенин, ал эми парламентте кабыл алынган мыйзам 2009-жылдагы макулдашууга каршы келерин, "Кумтөр Голд" мыйзамдарды бузбаганын билдирген. “Центерра Голд” жалдаган юридикалык компания кыргыз өкмөтүнө сүйлөшүүгө 45 күн убакыт берип, бул аралыкта тараптар бир пикирге келе албаса, анда ал эл аралык арбитражга даттана турганын жарыялады.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кени. Аны канадалык "Центерра Голд" компаниясы иштетет, Кыргызстандын "Центеррадагы" үлүшү 26%.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG