Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:33

Москва Чехия менен АКШны "дос эмес" өлкөлөрдүн тизмесине киргизди


АКШнын жана Чехиянын желектери.
АКШнын жана Чехиянын желектери.

Орусия өкмөтүнүн Чехия менен АКШны дос эмес өлкөлөрдүн тизмесине киргизүү тууралуу жарлыгы 14-майда расмий сайтында өкмөт башчы Михаил Мишустиндин колу менен жарыяланды.

Президент Владимир Путиндин апрель айындагы буйругу менен мындай өлкөлөр Орусиядагы элчиликтеринде башка өлкөлөрдүн жарандарын иштетүү укугунан ажыратылган.

Документке ылайык, Чехия элчилигинде 19 адамга иштөөгө уруксат берилсе, АКШга бир адамга да уруксат берилген эмес.

Орусиядагы көптөгөн чет өлкөлүк элчилик, консулдуктар, маданий борборлор жергиликтүү элдин өкүлдөрүн атайын келишимдердин негизинде жалдап иштетишет. Андай жумуштарда көбүнчө иш аткаруучулар, катчылар, дарыгерлер жана кеңешчилер иштейт.
Ал эми Орусия өз элчиликтеринде мындай иштер үчүн дипломаттарды, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жана башка аккредитацияланган кызматкерлерин жалдайт. Мындан улам Орусиянын чет өлкөлөрдөгү дипломаттык өкүлчүлүктөрүндө иштеген адамдардын саны көп.

Апрель айынын аягында орус бийлиги АКШнын элчиликтерине жергиликтүү жана чет өлкөлүк жарандары иштетүүгө тыюу салган. АКШ элчилиги бул консулдук кызматтагы жумушчулардын 75% жумушсуз калышына алып келерин маалымдаган.

Чехия Орусиянын атайын кызматын өлкө чыгышындагы жардыруулар үчүн айыптаган. Орусиялык 18 дипломатты тыңчылык кылган деген негиз менен өлкөдөн чыгарган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG