Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:32

Дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын саны 162 млн. адамга жетти


Коронавирусnfy (COVID-19) өлгөн адамдын сөөгүн өрттөө алдында. Ганг дарыясынын жээги. Уттар-Прадеш штаты. Индия. 6-май, 2021-жыл.
Коронавирусnfy (COVID-19) өлгөн адамдын сөөгүн өрттөө алдында. Ганг дарыясынын жээги. Уттар-Прадеш штаты. Индия. 6-май, 2021-жыл.

АКШдагы Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, 15-майга карата дүйнө жүзүндө коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 161,9 млн. адамды түздү. 3 млн. 357 642 киши көз жумду.

COVID-19 вирусун жуктургандардын саны жагынан алдыңкы орунда АКШ турат. Америкада 32 млн. 894 739 адам илдетке чалдыккан. 585 миңден ашуун адам оорудан улам жарык дүйнө менен кош айтышты.

Экинчи орунда турган Индияда 24 млн. 372 907 адам коронавируска чалдыкканы расмий кабарланууда. Өлкөдө 266 207 адам илдеттен көз жумду.

Ал эми Бразилияда жалпы ооруга чалдыккандардын саны 15 млн. 519 525 адамга жетти. 432 628 киши вирустан каза болду.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус пандемиясынан быйылкы курмандыктар былтыркыга караганда арбын болорун эскертти.

XS
SM
MD
LG