Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 22:56

Кытайдын Орусияны ойго салган таасири


Lenta.ru "Кытай мурдагы советтик жумурияттардын ишине кийлигише баштады" деп жазып, анын Орусияга кандай коркунучтары бар экенин талдаган.

"The Financial Times гезити" пандемиядагы чектөөлөрдөн улам Орусияда борбор азиялык мигранттардын тартыштыгы сезилип жатканы жөнүндө макаласын басып чыгарды.

Садыр Жапаров жана Кытайдын каржысы

Lenta.ru басылмасында 11-майда Дмитрий Плотниковдун “Ажыдаардын көлөкөсү” деген аталыштагы көлөмдүү макаласы жарык көрдү.

Журналист Кытайдын мурдагы советтик жумурияттардын ишине кийлигише баштаганын жазып, мындай тенденциянын Орусияга кандай коркунучу бар экенин талдаган.

“Бээжиндин Борбор Азияда оңго-солго кредит таратып, инфраструктура куруп, кендерди иштетүүнү жана жергиликтүү экстремисттерден коргоону гана сураганы, кошуналардын саясий жана экономикалык иштерине кийлигишүүгө аракет көрбөгөнү” айтылып, акыркы кезде Кытайдын стратегиясы өзгөргөнү, муну өзгөчө Кыргызстандын мисалында көрсө болору айтылат.

Макалада Бишкектеги ЖЭБди реконструкциялоодон келип чыккан чырдын чоо-жайы кеңири баяндалган.

"Жергиликтүү калк менен Кытай компанияларынын ортосунда чыр чыкса, борбор азиялык бийликтер кытайлыктардын таламын талашууга артыкчылык берет" деген журналист, мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун митингдердин биринен кийин эки тараптын кызматташтыгына доо кетирген адамдарды жоопко тарта турганын айтканын мисал келтирген.

"Кытай компаниялары менен талаш-тартышта Өзбекстандын бийлиги да кыргыз жетекчилигиндей позицияны карманат, себеби өлкөнүн Бээжинге бересеси ички дүң өнүмүнүн 16 процентин түзөт, ал эми Кыргызстандын Кытайга карызы жалпы сырткы карыздын 45 процентине барабар" деп жазган Lenta.ru басылмасы. "Демек, алар лоялдуу болбосо, Кытай кошуналарды кантип жазалоону билет” деп жыйынтык чыгарган Плотников.

Муну менен катар Бээжин Борбор Азияда “расмий эмес макулдашууларга, жеке кепилдик берүүгө маани берилерин түшүнүп, ушул инструментти ийгиликтүү пайдаланып жүрөт” деген оюн ортого салган.

Кыргызстанга кеңири токтолуп, материалда иликтөөчү журналисттер бажыдагы коррупциялык схемалардын бетин ачышканы, анын уюштуруучусу Райымбек Матраимов экени, өнөктөшү кытайлык ишкер Хабибулла Абдукадыр болгону баяндалат.

"Былтыр октябрдагы революциядан кийин бийликке келген Садыр Жапаровду Кытайда иштеген ишкерлер колдогон" деп эсептейт орусиялык журналист. Андан ары "президенттин атасы Кытайда туулуп-өскөн, кийин Кыргызстанга көчүп келген" деген фактыга токтолгон.

Президенттикке талапкер болгон Канат Исаев Жапаровду "кошуна өлкөнүн кызыкчылыктарын сүрөйт" деп айыптаганын эске салып, бул теория биографиясына гана эмес, Жыргалаң шахтасына байланышкан ызы-чууга таянганын мисал катары келтирет.

"Президенттин кээ бир санаалаштарынын да Кытай менен байланыштары бар" деген жеринде депутат Адыл Жунус уулунун ысымы аталган. Андан тышкары Жапаровдун президенттик кампаниясы кытайлар менен байланыштырылганы белгиленет. Ушул жерде журналист калган 17 талапкерди чогуу алганда көбүрөөк акча коротконуна басым жасаган.

“Бери дегенде 12 миң долларды Жапаров Кытай жараны Хуан Цзянхун жетектеген "Хуа-Эр" компаниясынан алганы, тарапкерлерин митингдерге ташыган автобустар мурдагы кытайлык жаран Тохутибуби Оуерхалиге таандык экени белгилүү”, - деп жазат Плотников.

Макалада Тажикстан, Казакстан жетекчилеринин кытайлык компаниялар менен байланыштары тууралуу да айтылат.

"Пандемиянын экономикалык факторлору Кытайга кошумча артыкчылык берүүдө. Москва жаңы чечимдерди издеши керек, себеби кытайлык таасирди нейтралдаштыруу үчүн борбор азиялык жумурияттардын суверенитетин бекемдөө зарыл. Бул – Орусиянын региондогу интеграциялык аракеттерине көлөкө түшүрөт" деген ой менен жыйынтыкталат макала.

Орусияда эмгек мигранттары тартыш

"The Financial Times" гезити 9-майда пандемиядагы чектөөлөрдөн улам Орусияда борбор азиялык мигранттардын тартыштыгы сезилип жатканы жөнүндө макала жазды. Анда Орусия үчүн эмгек мигранттары арзан жумушчу күч экени, ал эми алар салган акча чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн ички дүң өнүмүнө чоң салым кошору айтылат.

Апрелдин башында Орусиянын президентинин алдындагы Улуттук экономика жана коомдук башкаруу академиясы жарыялаган маалыматка караганда, учурда өлкөдө 5,5 миллиондой чет элдик жүрөт. Бул – былтыркы апрель айына салыштырганда 42 процентке аз. Мигранттардын азайышынан өзгөчө курулуш жана айыл чарба секторлору жапа чегүүдө.

Басылма орусиялык расмий адамдардын сөзүнө таянып, курулуштарда иштегендердин айлыгы эки эсеге көбөйгөнүн, бирок баары бир жумушчулар тартыш болуп жатканын жазды.

"Вице-премьер-министр Марат Хуснуллиндин курулуштарда 1,5 - 2 миллиондой киши жетпей жатканын жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирген жайы бар. Айыл чарба тармагында сезондук иштерге 38 миңдин айланасындагы мигрант тартылчу", - дейт "The Financianal Times" расмий маалыматка шилтеме берип.

Министрдин орун басары Жамбулат Хаутов борбордук жетекчиликти ошол жумушчулар үчүн чек араны ачууга үндөгөн.

Гезит белгилегендей, Орусиядагы мигранттардын 85 процентке жакыны КМШ өлкөлөрүнүн жарандары. Миграция боюнча эксперт Ирина Иванчук Москва бул жааттагы саясатты ошол мамлекеттерге “жумшак кысым көргөзүү үчүн” пайдаланганын айтууда.

Басылма андан ары орус жергесинде расмий маалыматка ылайык былтыр 1 миллиондон ашуун өзбекстандык жашап жүргөнүн, бир жылда бул көрсөткүч 25 процентке азайганын, аба каттамы жанданганда мигранттардын саны өсөт деп күтүлгөнүн жазат.

Өзбекстанда калктын саны тез өсүп жатканын эске алуу менен, өлкөнүн өзүндө жумуш табуу барган сайын кыйындаганы да айтылат. Ташкент эмгек миграциясын колдогону менен өз жарандарына Европа, Түркия жана Азиядан билим алуу, иштөө мүмкүнчүлүгүн түзүүгө аракет көргөнү да белгиленет.

Авторлор Германиядагы Миграция саясаты институтунун негиздөөчүсү Ольга Гулинанын пикирине орун берген. “Борбор азиялык мигранттар жалаң гана Орусияга багыт алышы керек деген ой жаңылыш. Европа Биримдигине барып иштегендер акырындык менен көбөйүүдө. Мындан 20 жыл мурда андай мүмкүнчүлүк такыр жок болчу” деген адис.

Бир доза ордуна төрт доза вакцина алган кыз

Италиянын маалымат каражаттары коронавируска каршы вакцинанын бир дозасынын ордуна төрт доза сайып алган студент кыздын абалы тууралуу жазышты.

"La Stampa" гезитинин 14-майда кабарлаганына караганда, 23 жаштагы Виржинияны белгилүү вирусолог Фабрицио Перльяско өз көзөмөлүнө алды. Окуя апта башында Масса шаарында болгон. Студент кыз эмдөөгө барганда ага ашыкча дозаны жаңылып сайып алышкан. Ошондо өзү коркуп турганын, догдурлар да кандай реакция болушу мүмкүн экенин билбей жатканын айтканын жазган.

Жабырланган кыз медайымды кечиргенин, вакцинага ишенерин айтып, элди эмдөөдөн өтүүгө чакырган. Кийин чыккан маалыматтарда Виржиния күнүнө жети литрге чейин суусундук ичкени менен дегидратация же организмде суу жетишпей жатканы байкалганы, ийне сайган колу шишип, башы ооруганы айтылган. Баштапкы маалымат боюнча Виржиния "Pfizer" вакцинасынын алты дозасын алганы маалымдалып, бирок кийин төрт доза деп такташкан.

Перльясконун айтымында, вакцинанын ашыкча дозасы эмдөөдөн кийинки алы кетүү же дене табынын көтөрүлүшү өңдүү симптомдорду күчөтүшү мүмкүн. Бирок тынчсыздандыруучу белгилер азырынча жок. Адис кыздын канында антиденечелер өтө көп болушу мүмкүн деп кошумчалады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG