Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:19

Мэриянын элди жүдөткөн чечими


«Шыдыр Жол Кей Жи» компаниясынын автобустары.
«Шыдыр Жол Кей Жи» компаниясынын автобустары.

Бишкектин Көлмө конушунун жашоочулары нааразылык акциясына чыгып, аларга каттаган автобустарды ордунда калтырууну талап кылышты.

Мунун алдында шаардык мэрия аталган конушка бара турган №5 каттамды ишке ашырган «Шыдыр Жол Кей Жи» компаниясы менен келишимди үзгөн.

Компания кичи автобус аркылуу эмес, чоң автобус менен иш жүргүзгөн борбордогу бирден бир менчик мекеме.

Көлмөлүктөрдүн даты

26-июлда чакан митингге чыккан элүүдөй тургун Көлмөгө каттап жаткан автобустарды ордунда калтырууну талап кылышты. Алар ушул багытта жүргөн чакан автобуска караганда чоң транспорт ыңгайлуу экенин айтып, калаа жетекчилигин каттамды ишке ашырып жаткан фирма менен келишимге келүүгө чакырышты.

Көлмө конушундагылардын митинги. 26-июль, 2019-жыл.
Көлмө конушундагылардын митинги. 26-июль, 2019-жыл.

“Бизге кенен автобус керек. Мэрияга кайрылгым келет, Көлмөдө жашайбыз, карыларга, жаштарга, баарына керек. Бизге “маршрутканын” кереги жок, автобусту калтыргыла”.

“Бул эмне деген кордук. Пенсионерлерди, кары-картаңдарды, элди өгөй баладай кылып жатышат. Биз кичиавтобустарга тыгыла берип тажадык, бизге автобус керек”.

“Мен бүгүн ушундай капамын. Бул эмне деген шумдук. Элдин көйгөйүн чечүү ордуна, кайра эле каршы иштеп жатышат. Өздөрү бизди чоң автобус менен камсыз кылбайт дагы, автобус алып келгендерди кыйнап жатышат”, - дешти акцияга чогулгандар.

Мында келгендердин бири, Көлмө конушунун аялдар кеңешинин төрайымы Жульетта Молдокеева жашоочулардын нааразылыгынын жөнүн түшүндүрдү.

Жульетта Молдокеева
Жульетта Молдокеева

“Дээрлик 15-20 жылдан бери, калаа бийлигинен биз тарапка автобус каттатууну суранып келгенбиз. Бийликке караштуу мекемелер автобус сатып алган учурда шаардан ашпай калып жатты. Мэрияга кайра-кайра кат жөнөткөнбүз. Аягында быйыл февралда жана мартта мэрия өздөрү кат жөнөтүп, менчик фирма тейлей турганын айткан, бирок ал кандай фирма экенин билген эмеспиз. Күтүп жатып, каттам башталып, жаңы автобустар ишке кирди. Аз күн мурда ачылышы болду эле. Автобустардын бардык шарты бар, керек болсо кондиционеринен бери камсыз болгон экен. Эми ошону болбогон шылтоолорду айтып, токтотуп салышты. Биз каттамды кайра калыбына келтирүүнү талап кылабыз”, - деди ал.

25-июлда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирүү таратып, аталган конушту шаарга туташтырган №5 каттамды ишке ашырган «Шыдыр Жол Кей Жи» компаниясы менен келишим токтотулганын билдирген. Калаанын администрациясы мунун себебин аталган фирма бир катар талаптарды аткарбаганы менен негиздеген.

Тагыраагы «Шыдыр Жол Кей Жи» аталган автобустук каттамды быйыл 25-январдан баштоого милдеттүү болгонун, автобус алып келүүнү кечеңдетип, планды алгач 15-майга, андан соң июлга жылдырып жибергени айтылат. Мэрия фирма транспортторду июль айынын ортосунда гана алып келгенин мисал келтирген.​

«Шыдыр Жол Кей Жи» компаниясынын автобустары
«Шыдыр Жол Кей Жи» компаниясынын автобустары

Жүйөлөрдүн кагылышы

Кеп болуп жаткан компания автобустар Кытайдан алынганын, жыл башында бул өлкөдөгү бир айга созулган майрамдарга байланыштуу иш кечиккенин мойнуна алып жатат. Алар мэрия келишимди үзбөй турса, транспорттор толук келмек дешет.

«Шыдыр Жол Кей Жи» компаниясынын автобазасынын директору Нургазы Шарабидинов мындай деди:

“Бишкек шаардык мэриясы №5 каттамды былтыр өздөрү бизге беш жылга берген. Ошонун негизинде банктан 1 миллион доллардай насыя алып, автобустарды алып келсек, эми кайра бут тосуп жатышат. Келишимге ылайык, автобустар кечээ жүрө баштаган. Ошондон кийин гана булар келишимди негизсиз үзүп жиберишти. Анда эмне үчүн алдын ала айтышпайт? Азыр бизде 36 автобус бар. Мындан сырткары №35 каттамды тейлейбиз, ал жакта 16 автобус жүрөт, экөө запаста. №5 каттамды 12 автобус тейлемек, калганы запаста турмак, элдин талабы күчөсө дагы алып келмекпиз. Буларда кандайдыр бир кызыкчылыктар болуп жатат окшойт”, - деди Шарабидинов.

Бишкек шаардык мэриясы аталган компанияга мындан башка да доомат артууда. Калаа жетекчилиги өкмөттүн 2018-жылкы №504 токтомунун 51-пунктунда, тыгынды азайтуу үчүн борбордун ортолук көчөлөрүндө жеңил автоунааларга жана муниципалдык коомдук транспортторго уруксат берүүнү тапшырганын билдирет.

Ал эми аталган компаниянын автобустары Чүй – Ибраимов – Бөкөнбаев – Жаш гвардия көчөлөрү аркылуу жүрүп, бул токтомдо көрсөтүлгөн эрежелерди бузуп жаткан экен.

Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Нурлан Атыканов буларга токтолду.

Нурлан Атыканов
Нурлан Атыканов

“Бул компания биз менен түзгөн меморандумдагы жана келишимдердеги шарттарды бузуп жатат, кээ бир пункттарында келишпестик болуп калды. Ошонун негизинде буларга кабар бердик. Ошондой эле өкмөттүн токтомунда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык, жүрүү схемасын бир калыпка салып, ордуна келтирсек, булар кайра иштеши мүмкүн. Азыр сүйлөшүүлөрдүн аягына чыкпай калдык, келишимге келсек, ошол каттамда калышат, эгер макулдаша албай калсак, анда башка каттамды карап көрөбүз”, - деди.

27-июлда Бишкек мэриясы Көлмө конушуна №5 автобус каттай баштаганын билдирди. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, “Шыдыр Жол Кей Жи” компаниясы менен алардын автобустары кандай шартта жүрө алары тууралуу 26-июлда сүйлөшүү жүргөн.

Сүйлөшүүгө вице-мэр Азиз Алымкулов баштаган топ катышкан. Узакка созулган маектешүүдөн кийин аталган компания муниципалитеттин бардык шартын аткарууга даяр болгон.

«Шыдыр Жол Кей Жи» компаниясын 2015-жылы кытайлык кыргыз, Кыргызстанга инвестор катары келген Тохутибуби Оуерхалик негиздеген. Борбор калаада каттамдарды кичи автобус аркылуу эмес, чоң автобус менен тейлеген бирден бир менчик мекеме Бишкек шаардык мэриясы менен алгач 2016-жылы меморандум түзгөн.

Ага ылайык, компания беш жылда 80 адамга чейин бата турган Hengtong үлгүсүндөгү жалпы 100 автобус алып келүүгө милдеттенме алган. Алардын жол акысы жана жеңилдиктери кадимки муниципалдык автобустар сыяктуу болмок.

"Шыдыр Жол Кей Жи" компаниясынын автобустары. 2017-жылы ишке берүү учурунда тартылган кадр.
"Шыдыр Жол Кей Жи" компаниясынын автобустары. 2017-жылы ишке берүү учурунда тартылган кадр.

Макулдашууда көрсөтүлгөн бир каттам ишке ашканы менен, экинчи каттамга келгенде келишпестик чыкты.

Буга кошумча «Шыдыр Жол Кей Жи» компаниясы мэрия алардан ар бир автобус үчүн айына 1500 сомдон акча сурап жатканын, мындай талап баштагы келишимде каралбаганын айтууда. Мэрия бул эреже өзүн-өзү каржылаган муниципалдык автопарктын жобосуна ылайык киргизилип жатканын кабарлады.

Кантсе да бул чыр коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты. Социалдык тармактарда мэрияны айыптаган маанай күч алды.

Жарандык активист Адил Турдукуловдун пикирин угалы.

Адил Турдукулов
Адил Турдукулов

“Мында эки маселе бар. Бийлик, өкмөт дагы, президент дагы чет жактан келген инвесторлорду коргошубуз керек, бизнесмендерге шарт түзүп беришибиз керек дегенди айтып келет. Экинчиден, шаардыктардын талабынан улам, тыгындын алдын алуу үчүн Бишкек шаардык мэриясы кичи автобустарды чоң автобустарга алмаштыруу боюнча убада берип келген. Мунун экөө тең туура, бирок азыркы шартта мунун экөө тең аткарылбай турат. Инвестор өзүнүн каражаты менен автобус алып келип, ар кандай оорчулукка карабай, келишимдин негизинде иштегени жатса, ага тескери мамиле болгонун мен муниципалдык бийлик тарабынан жасалган диверсия катары бааладым. Анткени муну көрүп, башка инвесторлор келбейт. Бул абдан туура эмес жана муниципалдык органдардын коррупциялашканын айгинелейт”, - деди.

Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы кабарлагандай, башкалаада 109 кичиавтобустук каттам бар. «Шыдыр Жол Кей Жи» компаниясы тейлеген каттамды кошкондо 11 автобустук жана 11 троллейбустук каттам жүрөт.

Мында муниципалдык 140 автобус, 145 троллейбус жана менчик 2100 кичиавтобус иштейт. Мындан сырткары жогоруда аталган менчик фирманын 36 автобусу бар.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG