Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Мамбеталиева: Матраимов "Магнитский тизмесине" жөн эле киргизилген эмес


Эркеайым Мамбеталиева.
Эркеайым Мамбеталиева.

Коррупцияга айыпталып, камалган Райымбек Матраимовдун кылмыш иши токтотулганы - анын күнөөсүз экенин аныктабасын эксперт Эркеайым Мамбеталиева билдирди.

Ал "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" программасында сүйлөп жатып, Матраимовдун коррупцияга тиешеси бар экени чет өлкөлөрдө да аныкталганын айтты:

«Матраимов "Магнитский тизмесине" киргизилгенин баарыбыз эле билебиз. Бул тизмеге ал жөндөн-жөн эле кирген эмес. Анын ары жагында көп изилдөөлөр, банктардан алынган далилдер турат. Мына ошонун баарынын негизинде киргизилген. Биздин бийликтегилер эмнеге таба алышпаганы белгисиз».

Эркеайым Мамбеталиева Райымбек Матраимовдун иши боюнча кыргыз бийлигинин кадамы көп суроолорду жаратып жатканын кошумчалады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата сотко чейинки териштирүүнү токтотуп, аны камакка алуу тууралуу бөгөт чарасын жокко чыгарды.

Бул тууралуу 15-апрелде УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Матраимовдун жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн чет өлкөлөрдө кандайдыр бир мүлкү расмий аныкталган жок.

Атайын кызмат Матраимовду 2021-жылдын 18-февралында кылмыштуу кирешени легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармап, камакка алган. Ал Бишкектеги №47 колонияда кармалып турган.

Атайын кызмат бул сотко чейинки териштирүүнү баштоого “Азаттык” радиосунун Матраимовдун Дубайда кымбат мүлкү бар экендиги тууралуу журналисттик иликтөөсү негиз болгонун кошумчалады жана ал "өз ыктыяры менен баасы 20 млн. сомдон жогору, жалпы аянты 232,3 чарчы метрлик батирин мамлекеттин бюджетине өткөрүп бергенин" белгиледи.

Эгерде Матраимовдун чет мамлекеттерде кымбат баалуу кыймылсыз мүлкү бар экендиги аныкталса, тергөө иштери улантыларын УКМК 15-февралда билдирген.

Райымбек Матраимов жана анын адвокаты, жакындары УКМКнын соңку чечими тууралуу азырынча үн ката элек.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан.

Бул иликтөөлөрдү Райымбек, Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд каралоо деп эсептеп, сотко кайрылышкан.

АКШнын Финансы министрлиги былтыр декабрда Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитский акты» деп аталган«кара тизмеге» киргизген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG