Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:51

Осмоналиев: Матраимов акталган жок, демек ишине чекит коюла элек


Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

Бул тууралуу юрист Кайрат Осмоналиев "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" программасында билдирди. Юристтин айтуусунда, ар кандай булактардан кандайдыр бир далилдер табылса, башка кадамдар болушу мүмкүн:

"Матраимов мурунку иштерин мойнуна алып, күнөөлүү болуп табылган. Ал тергөө менен келишип, келтирилген чыгымды төлөп, мүлкүн мамлекетке өткөрүп берди. Ошондуктан, мунун ишине чекит коюла элек. Эгер эми да ар кандай булактардан, мисалы, "Азаттыктан" же тергөөдөн кандайдыр бир далилдер табылса, кырдаал өзгөрүшү мүмкүн".

Программанын дагы бир катышуучусу Руслан Акматбек уулу Матраимовдун маселеси коомдун басымы менен иликтенгенин белгиледи. Анын айтуусунда, азыркы бийлик мурунку бийликтин жолуна түшүп алды:

"Матраимовдун кармалып, камалышы - коомчулук үчүн чоң көрсөткүч болду эле. Себеби бийлик алмашканга чейин күч органдары Матраимовго каршы эч нерсе таба албаган эмес. Бийлик алмашкандан кийин коомчулуктун басымы алдында бул маселени күн тартибине чыгарып, кароого аргасыз болгон. Эми референдум өтүп, саясий жараяндар бүткөн соң "эч нерсе тапкан жокпуз" дегенине кантип ишенебиз? Жөнөкөй жарандар айтып жаткан нерсени күч органдары кантип көрбөй калат? УКМК өзү да "мыйзамсыз кирешелери бар экен, ага кырк кишинин тиешеси бар экен"деп аны камап коюп, аягы эмне менен бүттү?".

15-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата сотко чейинки териштирүүнү токтотуп, аны камакка алуу тууралуу бөгөт чарасын жокко чыгарды.

Ага ылайык, Матраимовдун жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн чет өлкөлөрдө кандайдыр бир мүлкү расмий аныкталган жок.

Атайын кызмат Матраимовду 2021-жылдын 18-февралында кылмыштуу кирешени мыйзамдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармап, камакка алган. Ал Бишкектеги №47 колонияда кармалып турган.

Атайын кызмат бул сотко чейинки териштирүүнү баштоого “Азаттык” радиосунун Матраимовдун Дубайда кымбат мүлкү бар экендиги тууралуу журналисттик иликтөөсү негиз болгонун кошумчалады жана ал "өз ыктыяры менен баасы 20 млн. сомдон жогору, жалпы аянты 232,3 чарчы метрлик батирин мамлекеттин бюджетине өткөрүп бергенин" белгиледи.

Эгерде Матраимовдун чет мамлекеттерде кымбат баалуу кыймылсыз мүлкү бар экендиги аныкталса, тергөө иштери улантыларын УКМК 15-февралда билдирген.

Райымбек Матраимов жана анын адвокаты, жакындары УКМКнын соңку чечими тууралуу азырынча үн ката элек.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан.

Бул иликтөөлөрдү Райымбек, Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд каралоо деп эсептеп, сотко кайрылышкан.

АКШнын Финансы министрлиги былтыр декабрда Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитский акты» деп аталган «кара тизмеге» киргизген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG