Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:36

Түркмөн президенти эми парламентти да башкарат


Гурбангулы Бердымухаммедов. Түркмөнстандын президенти.
Гурбангулы Бердымухаммедов. Түркмөнстандын президенти.

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов Халк Маслахатынын (парламенттин жогорку палатасы) жаңы чакырылышында төрагалыкка дайындалганын алгачкы сессияда өзү жарыялады. Мындан улам аткаруу бийлигинин башчысы - президент эми бир эле учурда өлкөнүн мыйзам чыгаруу бийлигин да башкара турган болду.

Мамлекеттик телеканал Халк Маслахатынын жыйынында өткөн айдын аягында кыйыр добуш аркылуу тандалган жана президент өзү дайындаган парламент депутаттарынын тизмеси бекигенин көрсөттү.

Сессияда айтылган чечимдердин бары бир добуштан колдоо тапты. Халк Маслахатынын жыйынын расмий бекигенге чейин эле ага президент өзү төрагалык кылды.

Түркмөн парламентинин жогорку палатасы 56 депутаттан турат жана анын сегизин президент дайындайт.

Башында парламенттин жаңы курамынын тизмесинде Бердимухамедов жок болуп, бирок анын депутат болбой туруп эле төрагалыкка шайланышы күтүүсүз болгон. Ал эми өлкөнүн Баш мыйзамы бир эле адамдын президенттик менен парламент төрагалыгын аткарышына тыюу салат.

63 жаштагы президент Гурбангулы Бердымухаммедов бир эле учурда өкмөттү да жетектейт. Ал өлкөнү 2006-жылдан бери башкарып келе жатат.

XS
SM
MD
LG