Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:10

Ташиев: Матраимовдун чет жактардагы мүлкү аныкталган жок


Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетин төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга айыпталып камалган Райым Матраимовдун абактан бошотулушу боюнча "Азаттыкка" буларды айтты.

«"Азаттыктын" жана Али Токтакуновдун иликтөөсүнүн негизинде бизге "Матраимовдун чет жактарда мүлкү бар, ошону караган жоксуңар" деген дооматтар айтылган. Биз аны качырбоо үчүн кармап, камадык. КМШ өлкөлөрүнүн баарына, Кытайга, Түркияга, Араб Эмираттарына жана башка бардык чет өлкөлөргө суроо-өтүнүч жиберип, Райымбек Матраимовдорго таандык мүлктөр бар-жогун аныктоого көмөктөшүүнү суранганбыз. Ал өлкөлөрдүн баарынан бизге "Райымбек Матраимовго жана анын жакындарына таандык бир да мүлк жок" деген маалыматтар алынды. Ошондон кийин гана биз ишти токтотуп, аны чыгарууга мажбур болдук», - деди УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата сотко чейинки териштирүүнү токтотуп, аны камакка алуу тууралуу бөгөт чарасын жокко чыгарды.

Бул тууралуу 15-апрелде УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Атайын кызмат Матраимовду 2021-жылдын 18-февралында кылмыштуу кирешени легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон иштин алкагында кармап, камакка алган. Ал Бишкектеги №47 колонияда кармалып турган.

Атайын кызмат бул сотко чейинки териштирүүнү баштоого “Азаттык” радиосунун Матраимовдун Дубайда кымбат мүлкү бар экендиги тууралуу журналисттик иликтөөсү негиз болгонун кошумчалады жана ал "өз ыктыяры менен баасы 20 млн. сомдон жогору, жалпы аянты 232,3 чарчы метрлик батирин мамлекеттин бюджетине өткөрүп бергенин" белгиледи.

Эгерде Матраимовдун чет мамлекеттерде кымбат баалуу кыймылсыз мүлкү бар экендиги аныкталса, тергөө иштери улантыларын УКМК 15-февралда билдирген.

Райымбек Матраимов жана анын адвокаты, жакындары УКМКнын соңку чечими тууралуу азырынча үн ката элек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG