Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:31

УКМК: Матраимовдун кылмыш иши токтотулду, аны камакка алуу тууралуу чечим жокко чыгарылды


Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата жүрүп жаткан сотко чейинки териштирүү токтотулду жана аны камакка алуу тууралуу бөгөт чарасы жокко чыгарылды. Бул тууралуу 15-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Мекеменин өкүлү Назгүл Кыдыралиеванын айтымында, Матраимовдун жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн чет өлкөлөрдө кандайдыр бир мүлкү бар же жогун аныктоо үчүн КМШ жана Европа өлкөлөрүнө, Кытайга, Түркияга жана Дубай эмиратына өтүнүчтөр жөнөтүлгөн:

"Бирок аталган мамлекеттердин компетенттүү органдарынын расмий документтерине ылайык, Матраимовдун жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ал жактарда кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жок болуп чыкты. Мындан улам, журналисттердин материалдарында келтирилген жүйөлөр ырасталган жок жана тергөөгө далилдер табылган жок, алар Кыргызстандын чегинен тышкары ар кандай кыймылсыз мүлктү сатып алуу фактылары тастыкталган жок”.

УКМК Матраимовду 2021-жылдын 18-февралында кылмыштуу кирешени легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармап, камакка алган. Ал Бишкектеги №47 колонияда кармалып турган.

Атайын кызмат бул сотко чейинки териштирүүнү баштоого “Азаттык” радиосунун Матраимовдун Дубайда кымбат мүлкү бар экендиги тууралуу журналисттик иликтөөсү негиз болгонун кошумчалады жана ал "өз ыктыяры менен баасы 20 млн сомдон жогору, жалпы аянты 232,3 чарчы метрлик батирин мамлекеттин бюджетине өткөрүп бергенин" белгиледи.

Эгерде Матраимовдун чет мамлекеттерде кымбат баалуу кыймылсыз мүлкү бар экендиги аныкталса тергөө иштери улантыларын УКМК 15-февралда билдирген.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 11-февралдагы отурумунда Райымбек Матраимов Жазык кодексинин “Коррупция” деген 319-беренесинин биринчи бөлүгү боюнча айыптуу деп табылып, жаза чарасы тергөө менен кызматташуу тууралуу келишимге ылайык 260 миң сомдук айыппул деп чегерилген.

Матраимов өзү сотто көрсөтмө берип жатып күнөөнү моюнуна аларын айткан.

УКМК Матраимовду алгачкы жолу 2020-жылдын 17-октябрында кармап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.

Ошол эле күнү мекеме кылмышка шектүүнү үй камагына чыгарып, муну мамлекетке келтирилген 2 миллиард сом чыгымды төлөп берүү жөнүндө убадасы менен негиздеген. Кийинчерээк Матраимов белгиленген сумманы төлөп бүткөнү жарыяланган.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан.

Бул иликтөөлөрдү Райымбек, Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд каралоо деп эсептеп, сотко кайрылышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG