Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Пакистан "Техрик-и- Лаббайк" радикал партиясына тыюу салат


Пакистан Техрик-Лаббаик (TLP) партиясынын тарапкерлери, лидери Саад Ризвинин бошотулушун талап кылган нааразычылык акциясында, Исламабад. 14-апрель, 2021-жыл.
Пакистан Техрик-Лаббаик (TLP) партиясынын тарапкерлери, лидери Саад Ризвинин бошотулушун талап кылган нааразычылык акциясында, Исламабад. 14-апрель, 2021-жыл.

Пакистан өкмөтү былтыртан бери Францияга каршы акцияларды уюштуруп келген, ашынган "Техрик-и-Лаббайк" (TLP) партиясына тыюу салынарын билдирди. Ички иштер министри Шейх Рашид 14-апрелде партиянын иши террорчулукка каршы мыйзамдарга ылайык токтотуларын маалымдады.

"Биз дүйнөгө экстремист улут катары таанылгыбыз келбейт", - деди Рашид.

Анын мындай билдирүүсүн 13-апрелде борбор шаар Исламабадда аталган партия уюштурган нааразылык акцияга чыккандар күч менен таркатылгандан көп өтпөй жарыялады.

Шаршембидеги тоз-тополоңдо беш адам, анын ичинде эки полиция кызматкери курман болду. "Техрик-и-Лаббайктын" тарапкерлери ал күнү партия лидеринин бошотулушун талап кылып көчөгө чыккан. Партиянын башчысы Саад Ризви 12-апрелде чыгыштагы Лахор шаарында "мыйзамдуулукту жана тартипти бузганы үчүн" камакка алынган. Мунун алдында ал тарапташтарын Пакистандагы француз элчисин өлкөдөн чыгарууга үндөгөн.

Полиция 13-апрелде Ризвиге терроризмге байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирди.

Пакистандагы ашынган оңчул диний-саясий уюм саналган «Техрик-и Лаббайк Пакистан» (ТЛП), «Кызматыңыздамын, Пакистан!» кыймылы) партиясы былтыр француз президенти Эммануэл Макрондун сөз эркиндигин, анын ичинде Мухаммед пайгамбар тууралуу карикатураны жарыялоо эркиндигин коргогон сөзүнө нааразылык билдирип келишет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG