Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:59

"Өзөктүк келишимдин" катышуучусу болгон үч өлкө Ирандын билдирүүсүнө кабатыр


Ирандын Улуу Британиядагы элчилиги. 2015-жылдын 20-августу.
Ирандын Улуу Британиядагы элчилиги. 2015-жылдын 20-августу.

Улуу Британия, Франция жана Германия Ирандын 60 пайызга чейин уран байытабыз деген планына терең тынчсыздануусун билдирди. "Өзөктүк келишимдин" катышуучусу болгон үч өлкө “Тегерандын акыркы билдирүүсү конструктивдүү жана ак ниет сүйлөшүүлөргө каршы келет” деп белгиледи.

14-апрелде Ирандын бийлиги кийинки аптада 60 пайызга чейин уран байытууну баштай тургандыгын жарыялаган. Мындай кадамды Тегеран Натанздагы өзөктүк ишканага жасалган "диверсиялык аракетке жооп" деп сыпаттап жатат. Иран өзөктүк ишканадагы 11-апрелге караган түндөгү авария үчүн Израилди айыптап келүүдө.

Тегерандан 250- чакырым алыстыктагы Натанз өзөктүк ишканасынын Жердин жасалма жандоочусу тарткан сүрөтү. Иран. 2021-жылдын 12-апрели. Reuters.
Тегерандан 250- чакырым алыстыктагы Натанз өзөктүк ишканасынын Жердин жасалма жандоочусу тарткан сүрөтү. Иран. 2021-жылдын 12-апрели. Reuters.

Дал ушундай кырдаалда Германия, Франция жана Улуу Британия Ирандын соңку билдирүүлөрү “өзөктүк келишимди” жандантуу боюнча сүйлөшүүлөргө залакасы тиет деп чочулап жатат.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты дөөлөтү - АКШ, Улуу Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия "өзөктүк келишим" деген ат менен таанылган документке кол койгон. Ага ылайык Тегеран өзөктүк программасын чектөөгө милдеттенме алган жана Иранга салынган эл аралык чектөөлөр токтотулган.

2018-жылы АКШнын ошол кездеги президенти Доналд Трамптын өкмөтү АКШны бул келишимден бир тараптуу чыгарып, Тегеранга каршы экономикалык чектөөлөрдү кайра киргизген. Буга жооп катары Иран өзөктүк келишимдин бир катар шарттарын аткаруудан баш тарткан.

Быйыл 20-январда Кошмо Штаттардын бийлигине Жо Байден келген соң, бул келишимди жандантуу боюнча аракеттер башталган. Ушул айдын башында келишимди жандантуу боюнча сүйлөшүүлөр Австриянын борбору Венада башталган болчу. Бул сүйлөшүүлөргө 2015-жылкы келишимдин АКШдан башка катышуучулары тикелей катышып келди.

XS
SM
MD
LG