Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Тегеран: Эгерде чектөөлөр алынбаса, анда Иран АКШ менен сүйлөшүүлөр жүргүзбөйт


Ирандагы өзөктүк кубат ишканаларынын бири. Арак шаары. 2011-жылдын 15-январы.
Ирандагы өзөктүк кубат ишканаларынын бири. Арак шаары. 2011-жылдын 15-январы.

Иран келээрки аптада Венада Тегеран менен дүйнөдөгү ири дөөлөттөрдүн ортосундагы 2015-жылдагы өзөктүк келишимди жандандыруу боюнча белгиленген сүйлөшүүлөрдө АКШ менен сүйлөшүүлөргө эч барбай тургандыгын билдирди.

Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Аббас Арагчи мырза: "Биз Венада АКШ менен түз же кыйыр да сүйлөшпөйбүз", – деп 4-апрелде билдирди жана эки өлкөнүн ортосунда кыйыр сүйлөшүүлөр орун алышы мүмкүн деген маалыматты четке какты.

"Бул багытта Ирандын саясаты айдан ачык жана жөнөкөй: АКШ Венадагы өзөктүк келишимге кайтып келүүгө, келишимге ылайык иш аткарып, Иранга каршы чектөөлөрдү алып салууга тийиш", – деди Иран өкүлчүлүгүн жетектеген Арагчи мырза.


6-апрелде Европа Биримдигинин ортомчулугу менен Венада өтүүчү сүйлөшүүлөргө Германия, Кытай, Орусия, Улуу Британия, Франция жана Ирандын дипломаттары катышмакчы.

Ирандын ТИМинин орун басары Аббас Арагчи (оңдо) жана Евробиримдиктин Тышкы иш-аракет кызматынын Башкы катчысы Хелга Шмид (солдо) “БААПтын” отурумунда. (Ага Германия, Иран, Кытай, Орусия, Улуу Британия жана Франция катышты). Вена ш., Австрия. 2019-жылдын 28-июну.
Ирандын ТИМинин орун басары Аббас Арагчи (оңдо) жана Евробиримдиктин Тышкы иш-аракет кызматынын Башкы катчысы Хелга Шмид (солдо) “БААПтын” отурумунда. (Ага Германия, Иран, Кытай, Орусия, Улуу Британия жана Франция катышты). Вена ш., Австрия. 2019-жылдын 28-июну.


Бул алты мамлекет 2015-жылдагы келишимге берилген бойдон кала беришкен. Ал келишим Тегеран өзөктүк программаларын тиешелүү деңгээлде гана кармаган маалда Иранга карата АКШнын жана башка эл аралык чөйрөлөрдүн чектөөлөрүн алуу тууралуу шарттарды камтыган.

2018-жылы Кошмо Штаттар “Биргелешкен ар тараптуу аракеттер планы” (“БААП”) деп аталган бул өзөктүк келишимден мурдагы президент Доналд Трамптын тушунда бир тараптуу чыгып кеткен жана расмий Тегеранга каршы экономикалык чектөөлөрдү калыбына келтирген.


Иран АКШнын бул кадамына жооп кылып, 2015-жылдагы келишимдеги өз милдеттенмелерин аткарууну акырындап кыскартты, маселен, уранды келишимдеги өлчөмдөн жогорку баскычта байытуу иштерин кайра жандандырууга өттү.

АКШнын 2021-жылдын 20-январынна кийинки президенти Жо Байден 2015-жылдагы келишимди жандандырууга даяр экендигине ишаара кылды. Бирок анын өкмөтү оболу Иран келишимдеги өзөктүк милдеттенмелерине кайтып келиши керек деп талап кылды. (TT)

XS
SM
MD
LG