Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:27

АКШ Ирандын "өзөктүк келишими" боюнча сүйлөшүүгө даяр


Ирандын Арактагы өзөктүк ишканасы
Ирандын Арактагы өзөктүк ишканасы

АКШ бийлиги Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимдин айланасында сүйлөшүүлөрдү баштоого даяр экенин жарыялады.

Жо Байдендин администрациясы 2015-жылы келишимге кол койгон Иран жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу төрт мүчөсү менен сүйлөшүүлөрдү жандантууну көздөп турат.

18-февралда Мамлекеттик департамент тараткан билдирүүдө Вашингтон бул жаатта сүйлөшүүлөрдү баштоо менен эле чектелбей, Иранга карата санкцияларды киргизүү демилгесин токтоторун жана БУУдагы ирандык дипломаттарга карата чектөөлөр жумшартылары жөнүндө айтылган.

Бул билдирүү Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Тегерандын “өзөктүк келишими” боюнча Франция, Британия, Германиянын башкы дипломаттары менен сүйлөшкөн соң таратылды.

АКШ бийлигинин мындай позициясын Конгресстеги айрым республикачылар дароо сынга алышты. Өкүлдөр палатасынын тышкы саясат боюнча комитетинин лидерлеринин бири Майкл Маккол Байдендин администрациясы “пайдасыз келишимге” кошулуу үчүн “чегинүүгө даяр экени” тынчсыздануу жаратат деп билдирди.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия "өзөктүк келишим" деген ат менен таанылган документке кол койгон. Ага ылайык Тегеран өзөктүк программасын чектөөгө милдеттенме алган жана Иранга салынган эл аралык санкциялар токтотулган. 2018-жылы мурдагы президент Дональд Трамптын тушунда АКШ бул келишимден бир тараптуу чыгып кетип, Тегеранга каршы экономикалык санкцияларды колдонууну баштаган.

Буга жооп катары Иран өзөктүк келишимдин бир катар шарттарын аткаруудан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG