Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна жаңы жетекчи дайындалды


Ысык-Көл
Ысык-Көл

Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунун эмгек жамаатына бүгүн, 19-февралда жаңы дайындалган жетекчи тааныштырылды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна фонддун басма сөз кызматы кабарлады.

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекцияга 45 жаштагы Самат Медеров жетекчи болуп бекиди.

Мурдагы директор Алдаярбек Тойгоналиев өзү жазган арыздын негизинде жумуштан бошотулду.

Финансы жана юридика тармагында жогорку билими бар Самат Медеров 2004-жылдан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте эмгектенип келген.

Фонд 2011-жылы 27-июлда өкмөттүн токтому менен ачылган. Негизги максаты - Ысык-Көл облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, региондун экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына дем берүү, фонддун каражаттарын сарамжалдуу пайдалануу жана натыйжалуу башкаруу. Фонддун акчалай каражаттары “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому жана “Ысык-Көл салымынын” эсебинен түзүлөт.

Акыркы эсептер боюнча 2020-жылга деп 1 жыл үчүн "Кумтөр" ишканасы фондго 781 млн. 565 миң сом каражат бөлгөн. (BCh)

XS
SM
MD
LG