Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:12

Сузакта тамак-аш коопсуздугун текшерчү көчмө лаборатория иштей баштады


Көчмө лаборатория
Көчмө лаборатория

Сузак районунда тамак-аш коопсуздугун сактоо максатында азык-түлүктүн сапатын текшерген лабораториялык автоунаа иштей баштады.

Ветеринардык-санитардык экспертизалык лаборатория автоунаасы жеке менчик "СузакВетЛаб" жоокерчилиги чектелген коому тарабынан 2 миллион 800 миң сомго сатып алынган.

Эми аймактагы соода жайларында жана базарга чыккан эт, сүт азыктарын, жашылча, жер-жемиштердин курамын жана коопсуздугун жеринде аныктоо мүмкүнчүлүгү жаралды.

Мындай лабораториялык автоунаа Жалал-Абад облусуна биринчи жолу келди. Сузак районунун борборунда азык-түлүк саткан майда базарлар жана кичи ашканалар көп. Алардагы тазалыкты райондук санитардык эпидемологиялык борбор көзөмөлдөйт. (TB)

XS
SM
MD
LG