Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:42

Ош жылуулук электр борборундагы коррупция боюнча кылмыш иши козголду


Ош жылуулук электр борбору.
Ош жылуулук электр борбору.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ош жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) коммерциялык объектилерди мыйзамсыз кошуу фактысына байланыштуу сотко чейин өндүрүш ачып, иликтей баштады.

Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, ЖЭБдин жетекчилери коммерциялык чарбалардын ээлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, техникалык эрежелерди жана капиталдык курулуш параметрлерин бузуп, Ош шаарындагы ири объектилерге жылуулук берип келген.

Анын ичинде коомдук мончолор, спортзалдар, медициналык клиникалар жана көп кабаттуу үйлөр мыйзамсыз туташтырылганы такталган.

Баштапкы жыйынтыктар көрсөткөндөй, көрсөтүлгөн коммерциялык мекемелерден түшкөн акчаны ЖЭБдин жетекчилери жана айрым кызматкерлери өздөрү алып турган.

Ош жылуулук электр борборунун бул коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы бул факт боюнча тергөө иштерин улантууда жана Ош ЖЭБинин ишмердүүлүгүндөгү ушуга окшош фактыларды аныктоо боюнча иштерди алып барууда.

Экинчи борбор калаанын жашоочуларына жылуулукту негизинен ушул Ош жылуулук электр борбору менен шаардагы «Жылуулуккамсыздоо» ишканасы жеткирет. (ErN)

XS
SM
MD
LG