Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Жазуучу Өскөн Даникеевдин «Кыздын сыры» повести түрк тилинде жарык көрдү


«Кыздын сыры», Өскөн Даникеев
«Кыздын сыры», Өскөн Даникеев

Жазуучу Өскөн Даникеевдин «Кыздын сыры» аттуу повести түрк тилине которулуп, китеп болуп чыкты.

Бул тууралуу «Темрин» журналынын кыргыз басма бөлүмүнүн мүчөсү, «Кумру» журналынын Кыргызстандагы өкүлү Мээрим Сайдилкан «Азаттыкка» кабарлады.

Жазуучунун аталган китебин түрк тилине түркология бөлүмүнүн доктору, кыргыз жана казак адабияты боюнча доцент Самет Азап менен Ардахан университетинин түркология бөлүмүнүн доктаранты Эмрах Алтыок которгон.

Китеп 2021-жылдын февраль айында 500 нускада жарык көрдү.

«Бенгү» басма үйү тарабынан буга чейин Абдылдажан Акматалиевдин «Чыңгыз Айтматовдун күндөлүгү», Качкынбай Артыкбаевдин «XX кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы», Султан Раевдин «Жуманын бешинчи күнү» аттуу китептери түрк тилинде басылып чыккан.

Өскөн Даникеев 1934-жылы 21-декабрда Сокулук районунун Чоң-Жар айылында туулган.

1948–1951-жылдары борбордогу №5 кыргыз орто мектеп-интернатында тарбияланып, 1951-жылы Москвадагы тоо-кен институтуна кабыл алынган.

1970-жылы Билим берүү тармагында биринчилерден болуп кыргыз тилинде «Сызма геометрия» окуу китебин жазган.

1977-жылы Москвадагы СССР Жазуучулар союзунун алдындагы М.Горький атындагы адабият институтунун Жогорку адабий курсун аяктаган. 1984-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзунун катчысы болуп шайланган.

Ө.Даникеевдин «Бакир» баяны 1961-жылы жарыяланган. Кийин «Кыздын сыры» аттуу повести жарык көрүп, орус, француз ж.б. тилдерге которулуп, көркөм фильм тартылган.

Автордун «Көкөй кести» романы үчүн 1986-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылган.

Жазуучу Достоевский, Лесков, Анкилов, Азиз Несин, Вампиловдун чыгармаларын которуп, алардын драмалык чыгармалары облустук, республикалык театрларда коюлган. (MJ)

XS
SM
MD
LG