Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:49

Футболчу Айдана Оторбаева FIFPROнун өзгөчө сыйлыгына татыды  


Айдана Оторбаева.
Айдана Оторбаева.

Дүйнөлүк Кесипкөй футболчулар ассоциациясы (FIFPRO) кыргызстандык футболчу Айдана Оторбаевага “Баатыр” (FIFPRO Hero) деген атайын сыйлык ыйгарды. Бул тууралуу уюмдун сайтында кабарланды.

Оторбаева Кесипкөй футболчулар ассоциациясынын 2020-жылдагы сыйлыгына талапкерлердин бири катары көрсөтүлгөн. Ассоциация 18-февралда талапкерлердин арасынан жеңүүчүлөрдү тандап, "Сиңирген эмгеги үчүн сыйлык" ("Merit Award") сыйлыгына илинбей калган кыргызстандык футболчуга өзгөчө наам ыйгарышты.

FIFPROнун сайтында спортчу кыздын Кыргызстанда пандемия күчөп турган маалда ыктыярчылардын тобун түзүп, өмүрүн тобокелге салып, элге жардам берген каармандыгы айтылган. Тандоо комиссиясы анын каармандыгы өзгөчө наамга татыктуу экенин белгилешкен.

"Сиңирген эмгеги үчүн сыйлык" ("Merit Award") – футболго эмгеги сиңген адамдарга берилүүчү дүйнөлүк беделдүү сыйлык. Быйыл ага сегиз оюнчу көрсөтүлдү.

Айдана Оторбаева - Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер курамасынын мүчөсү катары бир нече эл аралык оюндарга катышып, ийгилик жараткан. Ал учурда өзүнүн футбол мектебин ачкан. Ал - Кыргыз Республикасынын футбол боюнча спорт чебери.

Ыктыярчылар тобун жетектеген Айдана Оторбаева 2020-жылдын июль айларындагы пандемия күчөп турган учурда элге дары-дармек, азык-түүлүк сыяктуу жардам иштерине активдүү катышкан. Оторбаева ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков менен ыктыярчылар жолуккан жыйынга келүүдөн баш тарткан. Ал бул кадамын жыйындан жыйынтык чыкпастыгын, андан көрө убакытты туура пайдалануу зарылдыгын айтып түшүндүргөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG